Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” аттуу кароо сынак болуп өттү

Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими” аттуу кароо сынак болуп өттү

26 сентябрь 2023, Вторник
371
0

Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими”

аттуу кароо сынак болуп өттү


2023-жылдын 26-сентябрында Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” аттуу кароо сынак өттү. Аталган кароо сынакка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышып, катышуучуларды депутаттардын атынан куттуктап ыраачылык билдирди. 

Төрага  Кыргызстанда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кандай кырдаал болбосун ар тараптан изденүү менен эмгектенип, өз салымын кошуп келе жаткан мугалимдер арасында салтка айланып калган  “Жылдын мыкты мугалими”,  “Мыкты тарбиячысы”  кароо сынагынын өткөрүлүп жаткандыгы жагымдуу жагдай экендигин баса белгиледи. 

Бүгүнкү сынакта мыктынын мыктысы жеңишке жетишип, Ош шаарынын атынан Республикалык сынакта да баш байгени жеңип алышына тилектештигин билдирди.  Жыйынтыгында “Жылдын мыкты мугалими”,  “Мыкты тарбиячысы” сынактарынын ээлерине жеңил автоунаалар,  жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)