Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

02 октябрь 2023, Понедельник
336
0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду

Бүгүн, 2023-жылдын 2-октябрында Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Отурумду комиссиянын төрагасы Б. Колдошев алып барып, депутаттар А. Иминджанов, Э. Шатманова, Р. Жоошбаева, Ж. Пазылова, М.Атабаев жана тиешелүү ишкана-мекемелердин жетекчилери катышышты.

Жыйындын күн тартибинде Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору каралып, Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясына сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)