Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өттү

02 октябрь 2023, Понедельник
332
0

Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы өз отурумун өткөрдү. Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды. 

Отурумдун күн тартибиндеги Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоору жана Ош шаарынын В.Ленин көчөсүнүн калган бөлүгүн Загородный көчөсүнөн тартып Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки 1,7 км аралыгын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү маселелер эл өкүлдөрү тарабынан талкууланып, сессиянын кароосуна сунушталды. 

Жыйынтыгында күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча отурумдун тиешелүү чечимдери кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)