Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жапалак айылдык аймагында жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо болуп өттү

Жапалак айылдык аймагында жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо болуп өттү

25 октябрь 2023, Среда
306
0

Жапалак айылдык аймагында жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо болуп өттү


Бүгүн, Жапалак айылдык аймакта аймагында кезектеги жыйын өткөрүлдү.

Жыйынды депутат Усөнов Бексултан алып барып, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Нуранов Шайырбек, депутаттар Кадыров Талантбек, Колдошев Бекболот жана жергиликтүү тургундар катышышты. 

Күн тартибиндеги жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо маселеси каралып, эл тарабынан 28 тургун жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүл болуп шайланды.

Эске салсак, жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйындар ушуну менен аяктады. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча 2023-жылдын 18-ноябрында Ош шаарынын жергиликтүү жыйыны болот.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)