Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча маселеси коомдук талкууга коюлду

“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча маселеси коомдук талкууга коюлду

25 октябрь 2023, Среда
359
0

2023-жылдын 24-октябрында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Жыйынды комиссиянын төрагасы Бакир уулу Шахназар алып барды. Күн тартибинде Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган  талапкерлерге “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселеси каралды. Отурумдун жүрүшүндө сунушталган маселе депутаттар тарабынан талкууланып, наам ыйгарууга 6 талапкер жактырылды. Жыйынтыгында, комиссия маселени 2 айлык мөөнөткө коомдук пикирге салуу менен Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунуштоо чечимин кабыл алды.

Комиссиянын чечимине ылайык аныкталган талапкерлердин тизмеси:

1. Абдуллаев Данияр Аманович;

2. Ражапов Ильяс Зундуевич;

3.Шарипова Салима Канатбековна;

4.Боронов Мурат Самидинович;

5.Акматалиев Абдылдажан Амантурович 

6.Сарыбашов Таалайбек Насирбекович.


Абдуллаев Данияр Аманович.


Абдуллаев Данияр Аманович 1969-жылдын 5-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган. 1986-жылы В.В.Маяковский атындагы орто мектебин аяктап, Россия Федерациясынын Пенза шаарындагы Лесотехнический техникумга окууга тапшырып, 1989-жылы техник-технолог квалификациясына ээ болгон. Ошол эле жылы Советтик армияга чакырылып, Литва ССРнин Клайпеда шаарынын ВМФ ДКБФда кызмат өтөгөн.

          Алгач эмгек жолун Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесинде көрктөндүрүү боюнча мастер болуп эмгектенүүдөн баштаган. Ошол эле мекемеде бөлүм башчы,  башкы инженер болуп эмгектенген. 2008-2014-жылдары Ош шаардык парктар башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

           2007-2016-жж. Ош шаардык Кенешинин II, III, V чакырылыштарынын депутаты болуп шайланып, II чакырылышта шаардык Кенештин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясын жетектеген. Шаардык Кенештин Президиумунун мүчөсү. Үй-бүлөлү, 4 баланын атасы.

           Абдуллаев Данияр Аманович депутаттык ишмердүүлүгүн жигердүү жүргүзүп, дайыма изденүү менен иш алып барып, эл өкүлү катары шаардык, республикалык масштабдагы иш-чараларга активдүү катышып, тажрыйба алмашып, алган билимдерди, жетишкендиктерди иш жүзүндө колдоно билет. Калктын жашоо-шартын жеңилдетүүгө, көйгөйлүү маселелерин көтөрүп чыгууга аракеттенип, шаардыктардын күнүмдүк турмуш-тиричилигине тиешелүү маселелер боюнча анын жетекчилиги астында өтө маанилүү көйгөйлөр чечилип келүүдө. Көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, кары-картандар, майыптар, жетим-жесирлер жана жардамга муктаж болгондорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүп, эл арасында кадыр баркка ээ болду.

          Шаардын коомдук-саясий турмушуна, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымдарын эске алып, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык Кенешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.


Ражапов Ильяз Зундуевич.


Ражапов Ильяз Зундуевич 1961-жылдын 29-августунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.1978-жылы Отуз-Адыр айылындагы Н.Крупская атындагы орто мектепти аяктап, 1979-1982-жж. Советтик аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн. 1983-1989-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун кечки факультетинде окуп, инженер-механик кесибине ээ болот. 1983-1994-жылдары Ош шаардык аткаруу комитетинин өндүрүштүк турак-жай тейлөө трестинде айдоочу, слесарь-сантехник, мастер, ага мастер, башкы инженер, трестин жетекчиси болуп эмгектенет.

           1994-2009-жж. Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы, транспорт департаментинин директору, Ош шаардык коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы, 2009-2014-жж. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык транспорт мекемесинин директору, Ош шаарынын вице-мэри болуп эмгектенген. 

           2014-2016-жж. “Уран транс” ЖЧКнын директору, 2016-жылдан азыркы күнгө чейин “Ошсвет” муниципалдык мекемесинде башкы инженер кызматында иштеп келе жатат.

           Ак эмгеги үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (2010, 2019-жж.), Муниципалдык кызматтын мыктысы (2009-ж.), КРнын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасы (2011-ж.), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы наамынын ээси. Үй-бүлөлү, 3 баланын атасы.


Шарипова Салима Канатбековна.


Шарипова Салима Канатбековна 1950-жылдын 25-августунда Жалал-Абад облусуна   караштуу Базар-Коргон   районунун  Кызыл-Суу  айылында туулган. 1967-жылы Өзгөн шаарынын Фрунзе атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Россия Федерациясынын Москва шаарындагы тамак-аш өндүрүштөрү мамлекеттик  университетине ( мурдагы Москва технологиялык эт жана сүт өнөр жай институту) тапшырып, 1973-жылы инженер-технолог кесибине ээ болгон. 

            1970-жылы институттун комсомол комитетине мүчө болуп шайланып, Лениндин 100 жылдыгына карата “ Иш жүзүндөгү Лениндин улуттук саясаты        (на примере Киргизской ССР)” доклады студенттердин коомдук илимдер жаатындагы иштеринин Бүткүл Союздук конкурсунда жеңип Лауреат болуп 1-даражадагы Диплом менен сыйланган.

            Салима Шарипова комсомол-жаштар иштериндеги конкурстарда жигердүү катышып, Компартияга институттан сунушталып  Москвада компартиянын  Жданов   райкому  тарабынан  кабыл алынат. 

            Алгач эмгек жолун Москва облусунун  сүт боюнча өндүрүш  бирикмесинин инженери кызматынан  баштаган.   

             1974-жылы Ош шаардык комсомолдук комитетинин инструктору, 1975-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин жооптуу кызматкери, 1977-1987-жж. Жалал-Абад сүт комбинатынын өндүрүш башчысынан тартып директордун орун басары болуп эмгектенет. 1987-1990-жж. Жалал-Абад сүт комбинатындагы  мамлекеттик кабыл алуунун министрликтин өкүлү      (Фрунзе шаары) тармагында  иштеп келген.

            1990-1991-жж. Ош шаарындагы Жаратылыш байлыктарынын илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкери, 1991-1998-жж. КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Улуттук маалымат борборунун Түштүк бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалаган.          

         Аялдар кыймылынын  өнүгүсүнө  жигердүү   салым кошуп, ондогон эл аралык жолугушууларды уюштурууга жетишкен.

     Кыргызстандын мекенчил инсаны катары Ооганстан  элин колдоого Ош шаарынан  сапар баштаган Россия, Кыргызстан, Тажикстан өзгөчө кырдаалдар боюнча  министликтери, БУУ Дүйнөлүк тамак-аш   коопсуздугунун  Программасы,  Улуу Британиянын Өнүгүү департаменти 2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын майына чейин, күнүнө 35-40 унаа 3-4 тоннадан  Ооганстанга гуманитардык жардам  алып барганын тасмаларга түшүрүп,  “На том берегу Пянджа” китебин чыгарып, Сергей Шойгу Россиянын ӨКМ медалы менен баалаган.

        Ооганстан согушунун ардагерлер союзуна кабыл алынган.       

        Эң алгачкы - “Жизнь на колесах”  деп аталган аңгемеси Москвада 18 жашында институтунун гезитинде жарык  көргөндөн тартып чыгармачылыкты, журналистиканы  улап келген.

         “Наша газета” гезитинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү болуп, дайындалгандан тартып журналистика, көркөм-публицистика жана жазуучулук жаатындагы ишмердүүлүгү башталып, кийин “Кыргызстан” басмасында журналисттик тажрыйбасын арттырууга жетишкен. Анын “Разговор об Алыкуле и о людях науки”, “Жаңы-Толкун”, “Жертва”, “Ностальгия по любви”, “Жаандан кийин”, “А женщины любят рыцарей , “Первая и единственная” аттуу китептери жарык көрүп, “Белые лебеди в черный день” шейит кеткен Өкмөт башчысы Султан Ибраимовдун жаркын элесине арналган көркөм-публицистикалык эссеси 16 жылдан кийин окурмандарга тартууланган.          

           С.Шарипова 1999-жылдан тартып “Эл аралык “Ош” альманахы” журналынын башкы редактору болуп эмгектенүү менен Кыргызстанда 1999-жылдагы террорчулардын басып кирүүсү, 2001-2002-жылдары Ош-Ишкашим-Файзабад трассасында ооган элин колдоо боюнча эл аралык гуманитардык акциянын жүрүшү, 2005-2010-жылдардагы революциялар, улуттар аралык кагылышуу боюнча эң көлөмдүү такталган маалыматтар чагылдырылып,  “Там где рождается радуга”, “Дорога в завтра”, “На том берегу Пянджа” аттуу телеочерктер телеканалдар жана “Интерньюс” аркылуу да көрүүчүлөргө жеткирилген. 

          2010-жылы Москвадагы “Лидеры мирового сообщества” жана “Женщины нашего города” аттуу белгилүү бейөкмөт уюмдары тарабынан Италия, Греция, Хорватия, Черногорияда өтө турган “XXI век, диалог женщин без границ” көчмө конференциясына чакырылып, ага атайын берилген 35 мүнөттүк докладында ондогон мамлекеттин өкүлдөрүнүн алдында каргашалуу июнь окуяларынан кийин тараган “кыргыз геноциди” аттуу негизсиз дооматты жокко чыгарган. Дүйнөнүн 17 мамлекетинен тандалган айымдардын катарында жалпы адамзаттын абийирин коргоодо, руханий ак дөөлөттөрдү жана үй-бүлөлүк баалулуктарды таратууда, тынчтык үчүн күрөшүүдөгү эрдиги үчүн “Күмүш көгүчкөн” эл аралык сыйлыгы менен сыйланган.

          С. Шарипова бир катар эл аралык сыйлыктардын, Россиянын жана Тажикистандын өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин “Эрдиги үчүн” медалдарынын, Чүй университетинин ардактуу профессору жана “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамынын ээси. 

            2020-жылдын 25-августунда “Сүйөм сени, Дүйнө!” эл аралык он-лайн конференциясында Салима Шарипова 70 жашы урматына БУУ-ООН Программасынын негизинде “XXI -кылымдагы Жер шарынын Ардактуу атуулу” сертификаты менен сыйланган.


Боронов Мурат Самидинович.


Боронов Мурат Самидинович эмгек жолун 1998-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигинин даярдоо борборун аяктагандан кийин Ош облусунун  ички иштер башкармалыгынын карамагына  алынып, Баткен облусунун  Кызыл-Кия ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыйгарым уктуу оперкызматкер, улук ыйгарым укуктуу оперкызматкер, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальниги кызматтарын ээлеген. 

2003-жылы Кыргыз Республикасынын  Ички Иштер Министрлигинин Академиясын аяктап, жогорку юридикалык кесипке ээ болгон.                                                                                                                                      Боронов Мурат Самидинович  2003-жылдан 2021 жылга чейин ИИБ Ош шаары, Ноокат, Кадамжай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда жана Баткен облусунун ИИБ башчысы, башчынын орун басары кызмат орундарын аркалап келген. 

          М.Боронов кайсыл жерде иштебесин, ички иштер органында иш тажрыйбасы  бай, такшалган, кызматтык милдеттерин так аткарган, өзүнө жана кол астындагыларга талапты каттуу кое билген адис катары өзүн көрсөтүп, иштин натыйжалуулугун көтөрүп, көрсөткүчтөрдүн жакшыруусуна күч аракеттерин жумшап келет.

          М.Бороновдун  жетекчилиги астында Ош, Баткен облусунун жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарында жетектеген мезгилдерде  1-орундарга   ээ болуп бир катар сыйлыктар менен сыйланган.


Акматалиев Абдылдажан Амантурович.


 Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, II,III даражадагы “Манас” орденинин, “Данакер” жана “Достук” ордендеринин жана “Данк” медалынын ээси Акматалиев Абдылдажан  Амантурович илимде уюштуруучу -менеджерлик сапаты менен айырмаланып турат. Анын жетекчилиги менен 1000ден ашуун эмгектер коомчулугубузга жетип, билим тарбиялык чоң мааниге ээ болууда. Спонсорлорду тартуу, конференцияларды уюштуруу жагынан алдыңкы жетекчилерден.

       А.Акматалиев республикада гана эмес, эл аралык масштабда да белгилүү окумуштуу. Анын эмгектери  немис, француз, англис, кытай, жапон, корей, түрк тилдерине которулган. Өзгөчө “Манас” эпосун, Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдөөдө  жана жайылтууда көп эмгектерди жумшап келет.

          А.Акматалиевдин уюштуруучулук жөндөмү мыкты, өзүнө жана кесиптештерине талапты кое билет. Өзүнүн жеке үлгүсү менен эмгек жамаатында ишенимге, сый-урматка жана кадыр-баркка ээ.


Сарыбашов Таалайбек Насирбекович.


Сарыбашов Таалайбек Насирбекович 1971 жылы 11-сентябрда Алай районунун Гүлчө айылында туулган.        1978 жылы Гүлчө айылындагы Макаренко атындагы мектепке барып 1988 жылы окууну аяктаган. 1989-1991 жылга чейин Советтик Армияда (ГДР) кызмат өтөгөн. 1995-жылы Ош технологиялык техникумду аяктаган. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.

       2008-жылы Алай районундагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, депутат болуп шайланган. Ошол эле жылы жашыруун добуш менен райкеңештин төрагасы болуп шайланган.

       2012-2015-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп иштеген.

       2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы   ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалат. Ал эми 2018-2021-жылдары Ош шаарынын мэри болуп эмгектенген.

       2021-жылы ротация жолу менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

       Ал эми 2021-жылдын декабрь айынан баштап Жогорку Кеңештин VII чакырылышын депутаты.

       2020-жылы Мамлекеттик социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматынын жана у.с. көптөгөн сыйлыктардын ээси.еспблиасмынын   Республикасынын “Муниципалды кызматынын отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жана у.с сыйлыктардын ээси.

          Үй бүлөлүү 4 баланын атасы.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)