Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2022-жылдын 13-сентябрында Ош шаарында Бакыт өргөөсүн ачуу аземи болуп өттү

2022-жылдын 13-сентябрында Ош шаарында Бакыт өргөөсүн ачуу аземи болуп өттү

13 сентябрь 2022, Вторник
763
0


   Аземге Ош шаардык Кеңешинин төрага орун басары Ш.Нуранов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри М.Исаев, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары Элиза Эсеналиева  жана башкалар катышты. 

Ош шаардык Бакыт өргөөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийинки иш бөлмөлөрү, азем залы менен таанышып, Ош шаардык Кеңешинин төрага орун басары Ш.Нуранов өз сөзүндө Бакыт үйүнүн 1971-жылы курулуп, 52 жылдан бери капиталдык ремонттон өтпөгөндүгүн, быйылкы жылы бюджеттен бардыгы болуп 8.7 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, бакыт үйү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, алдына асфальт төшөлүп, Бакыт өргөөсү бакыттын очогу болуп жаркырап калгандыгын айтып, үй-бүлөнүн баш кошкондугунун 50 жыл, 3 муунга жана баланын туулгандыгынын  салтанаттуу мамлекеттик каттоо жүргүзүү жана баш кошуп жаткан эки жаштын никесин салтанаттуу каттоо аземинде катышып жаткан жарандарыбызга бакыт үйү бакыттын очогу болушун, ушул жерде мыйзамдуу никеге турган жаш жубайлардын бактысы Ала-Тоодой бийик болуусун, бакубат үй-бүлө болуп Кыргызстандын экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон үй-бүлө болуусун каалады.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)