Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы 2022-жылдын 21-сентябрында өткөрүлөт

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы 2022-жылдын 21-сентябрында өткөрүлөт

13 сентябрь 2022, Вторник
588
0

   2022-жылдын 13-сентябрында Ош шаардык Кеңешинин президиумунун отуруму болуп өттү. Анда Ош шаардык Кеңешинин  кезектеги сессиясын  өткөрүү   маселеси жана  сессиянын  күн тартибинин долбоору  каралды.   Президиум мүчөлөрүнун сунуштарынын   негизинде, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясын  2022-жылдын 21-сентябрында  өткөрүү   чечими кабыл алынды.  Ал эми  сессиянын күн тартибине  19 маселени киргизүү сунушталды, алардын ичинен 6 маселе  бекитилген иш план  боюнча,   калганы пландан тышкаркы маселелер.   Белгилей кетүүчү нерсе, сессиянын күн   тартиби  сессияда бекитилет. Президиумдун отурумун Ош шаардык Кеңешинин   төрагасынын орун басары Ш.Нуранов алып барды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)