Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Жарандардын маселелерин жеринде чечүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү

Жарандардын маселелерин жеринде чечүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү

28 ноябрь 2023, Вторник
283
0


Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Болот Баетов жана Эмил Раимов жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде Н.Исанов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүштү. Жыйында  арыздын негизинде  көчөгө тазалык урналарын орнотуу, канализация жана электр коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелери жарандардын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда каралды. 

Каралган ар бир маселе боюнча адистер менен жеринде талкууланып, көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечүү боюнча жетекчилерге протоколдук тапшырмалар берилди. 

Ошондой эле буга чейинки жашоочулардын талаптары боюнча аткарылбай келген маселелери Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунуштала тургандыгы айтылды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)