Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Эл өкүлдөрүнүн жаштар менен жолугушуусу болуп өттү

Эл өкүлдөрүнүн жаштар менен жолугушуусу болуп өттү

29 ноябрь 2023, Среда
310
0

Бүгүн, Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүгүү жана жаштар саясаты боюнча туруктуу депутаттык комсиссиясынын төрагасы Болотбек Баетов жана шаардык Кеңештин депутаты Таалайбек уулу Айбек  студенттер менен жолугушушту.

Иш-чарага чейин депутаттар окуу жайдын жаңы ачылган имараты менен таанышып, андагы студенттерге заманбап окуу шарттарын түзүп берген жетекчиликке терең ыраазычылыгын билдиришип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.

Студенттер менен жолугушуу эркин форматта жүргүзүлүп, депутаттар келечек ээлерине өз тажрыйбаларынан азыноолак кеп кылып, кызыккан суроолорго жооп беришти. Депутаттар өз сөздөрүндө ОшМПУнун студенттери азыркы учурдун эң бактылуу студенттеринен экендигин баса белгилеп, мындай түзүлгөн мыкты шартта  бир гана окуу керектигин айтып кетишти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)