Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун кароо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун кароо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

29 ноябрь 2023, Среда
262
0

Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун кароо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Бүгүн, Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун бекитүү боюнча Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. Отурумду комиссиянын төрагасы Шахназар Бакир уулу алып барып, ага комиссия мүчөлөрү, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басарлары Марс Исаев, Замир Юсупов, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышышты.

Жыйында, иштелип чыккан шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоору кенен талкууланып, депутаттар тарабынан тиешелүү адистерге суроолор берилди жана сунуштар айтылды. 

Жыйынтыгында долбоор боюнча толуктоолор киргизилип, маселе Ош шаардык Кеңешинин  сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)