Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Билерман Ордо оюнунун 15 жылдык маарекеси белгиленди

Билерман Ордо оюнунун 15 жылдык маарекеси белгиленди

30 ноябрь 2023, Четверг
381
0


Бүгүн, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин жыйындар залында Билерман Ордо оюнунун 15 жылдык маарекеси салтанаттуу белгиленди.

Ага Ош шаардык Кеңешинин депутаты Болотбек Баетов, Президенттин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүнүн, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Билерман Ордо оюнунун негиздөөчүсү Талант Канатбек уулу жана чакырылган коноктор катышышты.

Депутат маареке ээлерине Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, “Билерман Ордо оюнунун тарыхына кыскача токтолуп, бул оюн элибиздин сүймөнчүлүгүнө айланган өтө кызыктуу жана пайдалуу, келечек муундун интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө чоң салымын кошкон өзгөчө телемектеп болуп берди десек жаңылышпайбыз. Бул оюн телеберүүгө чыккандан соң өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде улантууга стимул жаратып, окуучулардын жана студенттердин аң-сезимине, ой жүгүртүүсүнө мыкты үлгү болуп бере алды”-деди.

Андан соң бул оюндун алгачкы командасынын капитаны Сагынбек Мамановго Ош шаардык Кеңешинин Ардак Граммотасын тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)