Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Техника илимдеринин доктору окумуштуу Акматбек Жаманбаевдин мааракесине арналган илимий- практикалык конференция болуп өттү

Техника илимдеринин доктору окумуштуу Акматбек Жаманбаевдин мааракесине арналган илимий- практикалык конференция болуп өттү

30 ноябрь 2023, Четверг
1 572
0


Бүгүн, Ош технологиялык университетинде техника илимдеринин доктору, көптөгөн ачылыштардын автору Акматбек Жаманбаевдин маарекесине арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Президенттин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, илимий ишмерлер жана чакырылган коноктор катышышты.

Төрага сөз сүйлөп, өз сөзүндө окумуштуу Акматбек Жаманбаевдин басып өткөн жолунан учкай кеп айтып, анын жасаган эмгектер бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн тоо-кен тармагында опол тоодой жемишин берип келе жаткандыгын айтып өттү. Ошондой эле Акматбек Жаманбаев окумуштуу-илимпоз гана эмес өз учурунда мыкты мугалим болгондугун эскерип өттү. Андан соң конференциянын катышуучуларына алдыга коюлуп жаткан маселени терең талдоо менен илим аркылуу көмүр кенин иштетүү боюнча илимий ачылыштар ачылышына жетишкендиктерди каалады.

 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)