Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин 15 жылдык маарекеси белгиленди

Ош шаарында “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин 15 жылдык маарекеси белгиленди

01 декабрь 2023, Пятница
355
0


2023-жылдын 30-ноябрында Ош шаарында “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин  15 жылдык  маарекеси белгиленди. 

 “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин  15 жылдык  маарекесине Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүгүү жана жаштар саясаты боюнча туруктуу депутаттык комсиссиясынын төрагасы Болотбек Баетов катышып, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана шаардык Кеңешинин   төрагасы С.Назылбековдун атынан катышуучуларды куттуктады. 

Б. Баетов “Youth of Osh”   бирикмеси  жаштар саясаты менен иш алып барган эксперттик тажрыйбасы бар уюм катары новатордук ыкмаларды колдонуп, жаштардын идеяларын колдоп коомго кызмат кылууну жана жарандык жигердүүлүктү үгүттөп, мамлекеттик органдар, парламент, бизнес-коомчулук менен иш алып барууда  бир топ алгылыктуу, өздөрүнүн замандын талабына ылайык идеяларын, максаттарын иш жүзүнө ашырып, азыркы күндүн татаал шартында илимге, билимге болгон кызыгууну жоготпой, жаштарга татыктуу тарбия, сапаттуу билим берип келгендигинин баса белгилеп, коомдук бирикменин кесипкөй кызматкерлерине Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)