Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү
2023-жылдын 6-декабрында Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду. Отурумду комиссиянын төрагасы Б.Баетов алып барып, күн тартибинде бир маселе каралды. Отурумда комиссиянын мүчөлөрү Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылга карата иш планынын долбоорун бекитүү боюнча каралган маселени талкуулашып, комиссиянын чечими менен шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына сунушташты.
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)