Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

13 декабрь 2023, Среда
307
0



Бүгүн, 12-декабрь күнү Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. 

Отурумга комиссиянын төрагасы Мирбек Маматов, комиссия мүчөлөрү, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде комиссияга тиешелүү мекеме-ишканалардын жыл ичинде аткарган иштери боюнча маселе каралып, мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев баяндама жасады.

Андан соң депутаттар тарабынан жетекчилерге суроолор жана сунуштар берилди. Ошондой учурдагы катаал кыш мезгилиндеги жол тейлөөнү шаардын борбордук жана ички көчөлөрүндө өз учурунда жасоо милдеттендирилди.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)