Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

20 декабрь 2023, Среда
310
0


          Бүгүн, 20-декабрь күнү Ош шаарында Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлеринин күнүнө карата Ош улуттук драма театрында иш-чара болуп өттү.  

           Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниель Рысалиев, ардагерлери, жетекчилери, өздүк курамы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышышты.

           Төрага Салман Назылбеков Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп,         Ата- Мекенге берилген мекенчилдиги калың эл, калайык журтубуздун, айрыкча чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, алардын коопсуз жашоосун камсыздап жаткандыгын баса белгилеп өттү.

           Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерине Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын жана баалуу белегин тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)