Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында курулуучу жаңы «Ак-Ниет конушу» муниципалдык программасы каралды

Ош шаарында курулуучу жаңы «Ак-Ниет конушу» муниципалдык программасы каралды

22 декабрь 2023, Пятница
310
0


Бүгүн,  Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги  отуруму болуп өттү. Отурумду комиссиянын төрагасы Шахназар Бакир уулу алып барып, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, комиссиянын мүчөлөрү жана Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов катышты.

Отурумда Ош шаарында курулуучу “Ак-Ниет конушу” муниципалдык программасын бекитүү жөнүндө маселе каралып, сунуштар жана суроолор берилип, каралган маселе Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)