Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарына жаңы автобустарды алып келүү маселеси каралды

Ош шаарына жаңы автобустарды алып келүү маселеси каралды

25 декабрь 2023, Понедельник
275
0

   Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумду комиссиянын төрагасы Арзиев Эсенбек алып барып, шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, комиссия мүчөлөрү, Ош шаарынын мэринин орун басары Марс Исаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
   Күн тартибинде Ош шаарына автобустарды Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун эсебинен финансылык лизинг аркылуу сатып алууга жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферт алууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. 
   Каралган маселе депутаттар тарабынан кенен талкууланып, тиешелүү жетекчилерге суроолор жана сунуштар айтылып, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)