Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат

15 январь 2024, Понедельник
361
0


Ош шаардык Кеңеши 2023-жылы  бекитилген иш план боюнча жана андан тышкары дагы иштерди алып барды. Аталган убакыт ичинде   Ош шаардык Кеңешинин  алты туруктуу депутаттык комиссиялары өздөрү караган   тармактар боюнча  63 отурум өткөрүшүп, аларда  ар кандай мүнөздөгү 211  маселени карашып,  алардын басымдуу көпчүлүгүн  шаардык Кеңештин кароосуна  киргизишкен.   Ошондой эле, убактылуу депутаттык комиссиялар да түзүлүп,  тиешелүү иштерди алып барды. Тактап айтканда убактылуу депутаттык комиссиялар 2022-жылы курулган жаңы  тротуарлардын сапатын текшерүү,  Ош шаарынын мэриясынын   капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан  2022-2023-жылдары курулуш тармагы боюнча өткөрүлгөн  мамлекеттик  сатып алууларды иликтеп чыгуу, Ош шаарындагы жайыт жайларды иликтеп чыгуу, Жапалак айылдык аймагындагы пайдаланылбай калган жерди иликтөө жана суу пайдалануучулардын ассоцияциясынын  ишин карап чыгуу  маселелерин   карашкан.  Аларды эсепке алуу менен жыл ичинде 8 жолу шаардык Кеңештин сессиясы өткөрүлүп, аларда ар кандай тармактарды   камтыган 82   маселе каралды. Атап айтканда, киреше жана чыгаша  бөлүктөрү 2 509 306,2 миң сомду түзгөн  Ош шаарынын 2023-жылга бюджети кеңири   коомдук талкуудан өткөрүлүп,   бекитилди.  Бул сумма 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 908 миллион 796,2 миң сомго көп болду. Ошондой эле, “Улуу Жибек жолун жандандыралы” аталышындагы Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы,  “Ош шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежелер”, “Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо  бекитилди.  Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы   тарабынан аткарылып жаткан  иштер жөнүндө,  Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө,   Ош шаарындагы айрым жолдорду тартипке келтирүү жөнүндө, Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана  бюджетинин аткарылышы боюнча  отчету жөнүндө, Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо,  жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук  бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу,  диний агымдардын жана экстремисттик-террористтик   көз караштагы кыймылдардын терс көрүнүштөрүнө  карата көрүлүп жаткан иштери жөнүндө,  Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуунун  жана пайдалануунун абалы жөнүндө, Ош шаарынын мэриясынын  Ош шаарына инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү жана ишкерлерге түзүлгөн шарттар  боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө, “Ош шаарынын мэриясынын  борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын   жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө жана башка  шаардын жана шаардыктардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелер каралып, аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чечимдер кабыл алынып, аткаруу үчүн тиешелүү  жактарга тапшырылды. Алардын ичинде  “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында поликлиника куруу,   таштанды таштоочу жай “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкандыгына байланыштуу  ал жерде жашоочуларга тийгизген зыяндуулугун аныктап, таштанды үчүн төлөнүүчү акыны женилдетүү,шаардын жарандарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында шаарда  тез жардам бекетинин филиалдарын ачуу,  А.Масалиев көчөсүндөгү айлампадан  (Грензовод) тарта Ош шаарындагы №2 К.Маркс атындагы орто мектебине чейин А.Шакиров көчөсүнө оор жүк ташуучу унааларды жол боюна токтотууга (парковка) тыюу салуу,  Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган жол чыракты жана шаардагы башка жол чырактарын текшерүүдөн өткөрүү, жол тыгындарын азайтуу максатында аларды  кайра программалоо,  Ош шаарынын аймагындагы ички жолдордун абалын көзөмөлгө алуу жана аларды оңдоо сыяктуу көптөгөн маселелер бар. Булардан тышкары,жылдын экинчи жарым жылдыгында Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча  отчету угулуп,  анда,   Ош шаарынын мэриясына Ош шаарындагы муниципалдык ишканаларды санариптештирүү боюнча  жумуштарды тездетүү, муниципалдык ипотекалык шартта курулуп жаткан көп кабаттуу турак-жайлардын өз убагында, сапаттуу бүтүшүнө көзөмөлдү күчөтүү, коомдук транспорт тармагынын абалын жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну колго алуу, жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан социалдык обьекттердин курулушунун өз убагында бүткөрүлүшүн камсыздоо, Кыргызстан профсоюздар Федерациясына караштуу Ош пансионатын Ош шаарынын муниципалдык менчигине алуу боюнча тиешелүү жактарга кайрылуу, Ош шаарынын негизги көчөлөрүндөгү тыгындарды азайтуу боюнча чоң көчөлөргө альтернатива иретинде ички жана көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы тосмолонгон жолдорду  ачуу, Ош шаарынын ДЭУ аймагындагы, Кулатов кичи районундагы чоң жолдун жана шаардын негизги  көчөлөрүнүн четинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааларды шаардын аймагынан сырткары чыгаруу,  Көкүмбий көчөсүндөгү унаа каражаттарынын кыймылына көзөмөлдү күчөтүү боюнча чараларды көрүү, муниципалдык ижарага берилип кеткен саламаттыкты сактоо мекемелеринин имараттарын өз багытында иштетүү үчүн С.Данияров атындагы медициналык кызматкерлерди кайра даярдоо жана классификациясын өркүндөтүү боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Түштүк филиалы менен түзүлгөн муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча келишимин 2024-жылдан баштап токтотуп, Ош клиникалык ооруканасынын терапия бөлүмүндө жандандыруу бөлүмүн ачууга шарт түзүү, Ош шаарынын мэриясынын аппарат түзүмүнө ветеринар жана агроном штаттык бирдиктерин ачуу маселесин карап чыгуу жагы милдеттендирилди.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”  жана “Коррупцияга каршы аракеттенүү  жөнүндө”   Мыйзамдарынын аткарылышы  боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө  маселе каралды.

          Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2023-2024-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маселе талкууланып, Ош шаарынын мэриясына жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери аркылуу берилүүчү жылуулуктун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана күз-кыш мезгилин өткөрүүгө багытталган иш чаралардын үзгүлтүксүз аткарылуусун камсыздоо, жылуулук энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен кышка болгон даярдыгын талап кылуу жана берилүүчү жылуулуктун сапатын көзөмөлдөө, шаардагы мектептердин, балдар бакчаларынын, ооруканалардын  жана   поликлиникалардын жылуулук берүү системасын Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасына, “Ош шаарынын муниципалдык турак-жай” коммуналдык башкармалыгына техникалык кароосун жана тейлөөсүн бекитип берүү жагын карап чыгуу, күз-кыш мезгилинде көп кабаттуу үйлөргө, социалдык обьектилерге жылуулук берүү боюнча өз долбоорлорун сунуштап жаткан жеке менчик компаниялар менен иш алып баруу, шаар аймагындагы абанын тазалыгын сактоо максатында, шаарда абанын булгануусун анализдеп, коммерциялык багыттагы мончо, коомдук тамактануучу жайлардын (менчигинин түрүнө карабастан) отказандарынын, тамак бышыруучу очокторунун мооруларына фильтр коюуну камсыз кылуу, күз-кыш мезгилине карата  кум, туз каражаттарын жетиштүү көлөмдө даярдоо  үчүн акча каражатын чечүү, калк арасында отун-көмүр камдоо жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу иш алып баруу,  “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун филиалы Ош шаардык жылуулук электр борборуна, Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасына капиталдык жана катардагы оңдоп-түзөө, жаратылыш газы, көмүр, мазут отундарын жетиштүү көлөмдө камдоо иштерин аягына чыгаруу, социалдык обьектилерди үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу милдеттендирилди. Ош райондук электр тармактары ишканасына, “Сулайман-Тоо” райондук электр тармактары ишканасына шаар тургундарына авариялык өчүрүүлөр боюнча маалымат берип туруу, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына , “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына   күз-кыш мезгилине атайын техникаларды, кумду, тузду жетиштүү өлчөмдө даярдоону жана жолдорду кар-муздан тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыздоо тапшырылган.

          Ошондой эле, Ош шаардык Кеңешинин сесиясында Ош шаарындагы  билим берүү тармагына тиешелүү мекемелердин аткарып жаткан иштери жөнүндө маселе каралды,    “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү алмашуу жөнүндө”  Жобо бекитилди, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы   бекитилди,  Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө маселе каралып,  анда бешинчи  чакырылыштагы  шаардык Кеңештин кабыл  алган 170 токтомунун ичинен 18 токтомдун 46 пункту аткарылбагандыгы баса белгиленип,   токтомдорду аткарбагандыгы үчүн   Ош шаарынын мэри  Б.Жетигеновго ишенбөөчүлүк билдирилип,  чара көрүү  үчүн   материалдар Кыргыз Республикасынын Президентине жана Ош шаарынын прокуратурасына  жөнөтүлдү.

             Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндөОш шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет  берүү боюнча   шайлоочулар менен жолугушууларын өткөрүү жөнүндө маселелер каралып,  депутаттардын 2023-жылдагы  шайлоочулар менен жолугушуу графиги бекитилди. Ош шаарынын №3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймагына поликлиника куруу үчүн жер тилкесин аныктоо жөнүндө маселе дагы бир ирет   көтөрүлүп,  Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаарынын №3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Анар, Төлөйкөн  кичи районундорунан поликлиника курууга ылайыкташкан жер тилкесин тактап, таап берүү милдеттендирилди.

2023-жылдын 27-декабрында өткөрүлгөн  сессияда Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн  деталдык пландоо долбоору бекитилип,  аны аткарууга алуу үчүн шаардык мэрияга жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына  тапшырылды. Ош шаары боюнча административдик –аймактык реформа жургүзүү долбоору   жактырылып,  тиешелүү жогорку органдарга  бекитүү үчүн сунушталды, Ош шаарындагы мамлекеттик менчиктеги   жолдорду  муниипалдык менчикке  өткөрүүгө макулдук берилди. Бул иштердин аткарылышы менен,  шаардагы мыйзамсыз курулуштарга жана баш аламандыктарга   бөгөт коюлуп, шаардын архитектурасы, келбети жакшырып,   аймагы кеңейип, шаардын мындан аркы өсүп-өнүгүүсүнө жол ачылып, инфраструктурасын жакшыртууга  шарттар түзүлөт. Шаардагы аксакалдар сотторунун иштери жөнүндө маселе каралып,   иштөө мөөнөттөрү аяктаганына  байланыштуу 2024-жылдын март айында аксакалдар сотторунун шайлоолорун  өткөрүү боюнча чечим  кабыл алынды. “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча маселе да каралып, анда сунушталган алты адамдын талапкерликтери  талкууланып, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында, депутаттардын   көпчүлүк  добуштарына ээ болушуп,  Ош шаардык Кеңешинин депутаты Абдуллаев Данияр Аманович, “Ошсвет” муниципалдык   ишканасынын башкы инженери Ражапов Ильяс Зундуевич, “Ош альманах” эл аралык журналынын башкы редактору Шарипова Салима Канатбековна, Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы    Боронов Мурат Самидинович, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сарыбашов Таалайбек Насирбекович    “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамына ээ болушту.

         Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышын жана   бюджеттик каражаттардын максаттуу жана туура пайдаланылшын    көзөмөлдөө боюнча иштер  жүргүзүлдү. Бул багытта шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссиялары жергиликтүү   бюджеттин эсебинен шаарда курулган тротуарлардын,  Масалиев проспектисинин курулушун, Масалиев проспектиси менен Навои көчөсүндө курулуп жаткан жер үстүндөгү жөө өтмөктүн курулушун, шаардык стадиондун ремонтун, 6 миң кубдук  4 даана   суу резервуарларынын курулушун,  6 жаңы курулган жана 6 калыбына келтирилген   суу скважиналарын, Ленин көчөсүндөгү 1 км  аралыктагы жолдун жана тирөөч дубалдын курулушун, Т-формасындагы жол менен туташтыруучу,  поезд жолундагы 20м  өтмөк жолдун, Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында жана Жапалак   айылдык аймактык   башкармалыгында курулуп жаткан 100 орундуу  бала бакчалардын курулушун,  менчиктештирүү программасына киргизилген   28 муницпалдык обьекттин  абалын  жерине   чыгып көрүшүп, аткарылып жаткан иштердин сапаттары боюнча өз пикирлерин билдиришип, орун алган кемчиликтерди   жоюу жана  бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарын   беришти. Айрыкча жаңы курулган тротуарлардын сапаты  начар экендигин белгилешип, аларды оңдоо боюнча шаардык жолдор башкармалыгына катуу талап коюлган.  Ноябрь айында   комиссия бул маселени дагы бир ирет карап чыгып,   анча-мынча   кемчиликтерин эске албаганда,  бул багытта аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылды.

          Шаарда  жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иштин  сапатын жогорулатууга көнүл бурулуп келүүдө. Буга чейин Ош шаарына Өзбек Республикасынын Самарканд шаарынан  “Самавто”   автозаводунан 50 автобус алып келүүгө макулдук берилген болсо,  эми буга кошумча дагы 100 автобус  алып келүүгө макулдук берүү үчүн шаардык Кеңештин депутаттары  Маматов М.А., Бакир уулу Шахназар, Кадыров Т.Ж., Эркин улу Арстан, Усөнов Б.Н.,  Таалайбек уулу Айбек  шаардык мэриянын  жетекчилиги менен биргеликте  Самарканд шаарына барышып,  автобстарды көрүп келишип, маселе шаардык Кеңештин сессиясына каралып, шаарга дагы 100 автобус алууга макулдук берилди.

           Ош шаардык Кеңеши,  муниципалдык аймактарда   2022-жылы болуп  өткөн жолугушуулар  учурунда шайлоочулар тарабынан берилген  суроо-талаптардын аткарылышын көзөмөлдөп турду. Эскерте  кетсек,  депутаттардын   шайлоочулар менен болгон ошол жолугушууларында шайлоочулар тарабынан айтылган  суроо талаптар шаардык кеңеш  тарабынан жалпылаштырылып,  шаардык Кеңештин токтому менен бекитилип,  аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга тапшырылган. Шайлоочулардын   суроо-талаптарын аткаруу үчүн, үстүбүздөгү жылы,   Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу шаардын жолдорун жана тротуарларын асфальттоо үчүн 33500,0 миң сом, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу жана кичи футбол аянтчаларды, ошондой эле саркынды суу түтүктөрүн тартуу үчүн 16500,0 миң сом акча каражатары каралган.  Эскертип кетүүчү нерсе,  бул акча каражаттары эки ишкананын капиталдык курулуш боюнча негизги титулдук баракчасында каралган акча каражатынан сырткары,  шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча эл өкүлдөрүнүн демилгеси менен бөлүнүп жаткан акча каражаттары болуп эсептелет. Депутаттардын демилгеси менен,  Амир-Темур кичи шаарчасынын №53 орто мектебинин бүтпөй турган жыйындар залы жана ашканасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү,   Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көп жылдан бери суранып келе жаткан кайрылуусунун  негизинде, кыргыз тарыхындагы  маанилүү   ордун эске алып, Алай канышасы   Курманжан Датканын айкели анын туулуп өскөн Орке айылында  тургузулду. Айкелдин бийиктиги 2,10 метр, постаменти менен 4,20 метрди түзөт.  Ушул эле   эле башкармалыктын Тээке айылында узундугу 1 чакырым аралыктагы жолду түнкү  жарыктандыруу иштери аяктады. Мындан башка да  иштер  аткарылган жана аткарылып келүүдө. 2023-жылдын  4-декабрынан 12-декабрына чейин  дагы алты муниципалдык аймактарда жана Жапалак айылдык аймагында шаардык Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшүп,  аларда  депутаттар жыл ичинде аткарган иштери боюнча шайлоочуларга отчет беришип, шайлоочулардын сунуш-талаптарын угушуп, өткөн жылкы жолугушууда берилген сунуш-талаптардын аткарылышын талкуулашып, кеңири баарлаштып  келишти. Бул чогулуштардын жүрүшүндө шайлоочулар тарабынан 129 сунуш-талаптар айтылып, алар жалпылаштырылып,  шаардык Кеңештин сессиясында бекитилип, аткаруу үчүн   шаардык мэрияга тапшырылды.

Ош шаардык Кеңеши   муниципалдык чарба маселелерин   такай көзөмөлгө  алып турат.  Шардагы ээлери аныкталбаган электр көмөк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү,  ошондой эле   Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын эскилиги жеткен, жараксыз болуп калган автоунааларын эсептен чыгаруу боюнча маселелер туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарында талкууланып, алардын аткарылышы боюнча шаардык мэрияга жана тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Азыркы учурда шаар боюнча  бардыгы болуп 2048 көмөк чордону болсо,  алардын ичинен  620сы    ээсиз болуп эсептелет. Ээси жок болгондуктан, аларды тейлөө  кыйынчылык туудуруп, алардан пайдаланган калкты электр энергия  менен камсыздоо үзгүлтүккө учуроодо.  Азркы учурда  ээсиз делген 620 көмөк чордондун 31нин документтери даярдалып бүткөн.  Бул маселелер туруктуу депутаттык комиссиянын көзөмөлүндө турат. Ноябрь айында болуп өткөн Ош шаардык Кеңешинин сессиясында жогорудагы маселелер каралып, Ош шаарынын мэриясына шаардагы ээлери аныкталбаган жана баланста турбаган керектөөчүлөрдүн электр көмөк чордондорун Ош жана Сулайман-Тоо райондук электр тармактары ишканаларынын балансына өткөрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштериндеги кемчилдиктерди жоюп, түзүлгөн жумушчу комиссиядагы өз милдеттерин аткара албаган жетекчилердин жоопкерчилиги, кызмат ордун кароо,  шаардагы ээлери аныкталбаган жана баланста турбаган керектөөчүлөрдүн электр көмөк чордондорун Ош жана Сулайман-Тоо райондук электр тармактары ишканаларынын балансына өткөрүү иштерин 2024-жылдын  I    кварталынын аягына чейин аткарып бүтүү милдеттендирилди.

Социалдык   тармак  боюнча бир топ  иштер   аткарылууда. Бул тармакты караган туруктуу депутаттык комиссия  Кармышак Ташбаев атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагына,   мектептерге, балдар бакчаларынва   жана фельдшердик-акушердик пункттарына барып, алардын иштери жана  абалы менен   таанышып чыгышты. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын  Орке айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун,  №60 “Арча-Бешик” балдар бакчасынын, №52-мектептин, №29-мектептин,   №16-мектептин  абалдарын жакшыртуу  жана жылытуу системаларынын ишин  жолго салуу боюнча  мэрияга жана билим берүү башкармалыгына  сунуштарын беришти.  Ош шаардык Кеңеши  мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчалары  жөнүндө маселени көтөрүп,  аларды муниципалдык менчикке кайра кайтаруу боюнча иштерди алып барууда. Бул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп,  башка жактарга берилип кеткен бала бакчаларынынын  азыркы учурдагы абалы жана  кандай багытта иштетилип жаткандыгы менен  жеринде таанышып  чыкты. Аныкталган маалыматтар  боюнча бардыгы болуп 35  бала бакча, анын ичинен  15и жеке менчикке, 20сы мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен. Азыркы учурда мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен  17 бала бакчаны  кайтаруу   боюнча   маселе Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунушталды.

          Ош шаардык Кеңеши маданият тармагын өнүктүрүүгө анын ичинде шаардыктар үчүн маданияттуу эс алууга жакшы шарттарды түзүүгө, эс алуучу жайларды, парктарды, сейил бактарды жашылдандырып, көрктөндүрүүгө көңүл буруп келүүдө. Шаарда элге белгилүү болгон эки чоң парк - Навои жана Токтогул атындагы парктар бар. Тилекке каршы,  бул парктар өз багытында  пайдаланылбай, айрыкча Навои паркы, андагы дарактардын көбү кыйылып, эс алуучу жай эмес, кирген адамды чарчата турган,  соода-сатык жайлары жана  эсепсиз   оюн-зоок  аттракциондору  жайгашкан базарга эле айланып калган. Бул жөнүндө шаардыктардан депутаттардын атына көптөгөн сын-пикирлери  келип түшкөн.    Парктагы   муниципалдык жерлерди  ижарага алгандардан шаардын бюджетине айына болгону 115миң сом  түшүп, негизги пайданы ижарачылар гана көрүп калышкан. Анткени,  алар пайда көрүү максатында ижарага алган жерлерин башка ишкерлерге субарендага берип, парктын ичинде дээрлик бош жер калган эмес.   Мындан улам, шаардыктардан түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып, шаардык Кеңеш, жакында эле реконструкция болгон   Токтогул паркын дагы  базарга айландырбастан, шаардыктар бош убактыларында   тынч отуруп, китеп, гезит окуп, музыка угуп эс ала турган, эрте менен, кечинде Ак-Буура дарыясын бойлой сейилдеп, же спорт менен машыгып, рахат ала турган жайга  айландыруу максатында, Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркында аттракцион, батут, велосипеддерди ижарага берүү жана башка балдардын оюн-зоок курулмаларын жайгаштырууга тыюу салуу, майрам күндөрдөн сырткары соода сатык иштерине жол бербөө, ал эми А.Навои эс алуу паркында, муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн шаардын бюджетине түшүүчү каражаттарды көбөйтүү максатында,  иш жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишимдерди башкадан карап чыгып, аукцион өткөрүү жөнүндө  2022-жылдын 29-сентябрында токтом кабыл алган жана анын аткарылышы шаардык Кенештин көзөмөлүндө турат.

Ош шаардык   Кеңешинде республикадагы жергиликтүү кеңештер менен байланышты, достукту, өз ара кызматташууну чыңдөө боюнча иштер  аткарылууда.   Бул багытта,  Ош шаары,  Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Баткен, Нарын, Талас шаардык кеңештеринин эл өкүлдөрүн жана аппарат кызматкерлерин  Ош шаарында тосуп алып,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  маселелери боюнча тажрыйба   алмашуу, шаардын  тарыхы, кооз жерлери,  бир катар мекеме-ишканалардын ишмердиги  менен тааныштыруу  иш-чараларын жүргүздү. Ошондой эле,  аталган   6 шаардык кеңештердин депутаттарынын   ортосунда  футбол  боюнча достук беттешүү өткөрүлдү. Август айында  Каракол шаардык Кеңешинин чакыруусуна ылайык,  Ош шаардык Кеңешинин  депутаттары жана аппарат кызматкерлери  Каракол   шаардык Кеңешинин ишмердиги, Караколдогу айрым муниципалдык  ишканалардын ишмердиги менен  жеринде таанышып,  сегиз шаардык Кеңешинин  ортосунда кичи футбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште биринчи орунду  ээлеп келишти. Ал эми ноябрь айында Каракол шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлери  Ош шаарына келип, шаардык Кеңештин аппаратынын ишмердиги менен таанышып, тажрыйба алмашып, “Кыргыз Текстиль” ишканасында, Сулайман -Тоо  улуттук тарыхый-археологиялык музей коплексинде   болуп Ош шаары менен таанышып кетишти.   

Ош шаардык Кеңешинин  иш планында белгиленгендей, шаардык  Кеңештин депутаттары эл аралык уюмдар, коомдук уюмдар, башкаруу органдары   тарабынан өткөрүлгөн,   тренингдерге, семинарларга  жана башка иш-чараларга катышып, билим деңгээлдерин жогорулатып, иш-тажрыйбаларын арттырышууда. Бул багытта, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын тобу Россия Федерациясынын Казань шаарында “Евразия шаарлары жана глобалдык тренддер” деген темада “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” Бүткүл дүйнөлүк уюмунунун (ОГМВ) Евразиялык аймактык бөлүмү жана Казань шаарынын мэриясы уюштурган евразиялык тренингге катышып келишти. Андан депутаттар эл аралык муниципалдык  кыймыл   чөйрөсүндө шаарларды өнүктүрүү, муниципалитеттер аралык өз ара кызматташууну күчөтүү, эң жакшы практикалар менен алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу,  туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууда жергиликтүү бийликтердин катышуусун камсыздоо, глобалдык максаттарды ишке ашырууга жана дүйнөлүк  маанидеги   көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуу   жөнүндө угуп, үйрөнүп, практикалык иштерге катышып, билим алып келишти. 

Ош шаардык Кенешинде, Эл аралык республикалык институту  “Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары, ролу жана орду” деген темада семинар өткөрүп, анда  Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешеси бар мыйзамдар боюнча кеңири түшүнүктөр берилип, аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө презентациялар жасалды. Ошондой эле, иш-чарада мамлекетте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун таасирин күчөтүү боюнча эдвокаси карталарын түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердигиндеги чечүүнү талап кылган маселелерди иликтеп табуу, аларды чечүү үчүн борбордук бийлик органдары менен байланышта иш алып баруу боюнча   кичи топтордо практикалык иштер алынып барылып,  депутаттар жергиликтүү  көйгөйлөрдү чечүү багытында  иш-тажрыйбаларын арттырышты. Ушул эле институт  октябрь айында  семинар өткөрүп,  анда “Кыргызстандагы саясий иденттүүлүк: кечээ жана бүгүн.  IRI  тажрыйбасы   атту темада сессияларды өткөрүп,   “Биздин санжырага  таянган  инденттүүлүгүбүз”,  “Саясий таасир”  темалары боюнча “Тарыхыбыздагы кеңештердин ролу”, “Мурунку жана азыркы башкаруу: Азыркы күндө Кыргызстанда  кандай тажрыйбаларды колдоно аларыбызды салыштыруу”, “Саясий таасирлерди калыптандыруу”, “Шайлоочулар менен байланышты жөнгө салуу”  темаларында, аталган институттун Кыргызстандагы директору Димитар Стойков, оштогу өкүлү Азамат Алымкулов, санжырачы  Улукбек  Суйоркуловдун   лекторлугу астында  кызык дискуссиялар өткөрүлдү.

Депутаттардын тобу, “Аракет” коомдук бирикмеси  тарабынан уюштурулуп,   Ош шаарынын пилоттук  конуштарынын өкүлдөрү  үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана кварталдарда өткөрүлгөн коомдук форумдарга катышып, жер-жерлерде орун алган көйгөйлөрдү изилдөө,  анын максаттары жана  методологиясы,  негизги жыйынтыктарды көрсөтүү, кичи коомдук кеңештерди түзүү, алардын ролдору жана функциялары,  аталган иштерди аткаруу жолу менен көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө түшүнүктөргө ээ болушту. Ошондой эле аталган коомдук бирикме тарабынан 2023-жылдн 25-октябрында “Санариптик трансформация  жана мыйзамдык өзгөртүүлөр доорунда мамлекеттик  жана муниципалдык  кызматтардын   сапатын жогорулдатуу жөнүндө тренинг өткөрүлүп,  анда шаардык Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери  “Санариптештирүү жана “Санарип аймак”, “Түндүк” программалары, Маалымат алуу жөнүндө мыйзам боюнча билим алышты. Ал эми 21-22 октябрда   муниципалдык аймактык башкармалыктардагы орун алган  көйгөйлөрдү чечүү боюнча диалогдор уюштурулуп, талкуулар  жүргүзүлдү. 2023-жылдын 5-7-декабрында Ысык-Көлдө Улуттук демократиялык институту   “Эффективдүү шаардык кеңеш” темасы боюнча конференция өткөрүп,   ага депутаттар Кулдышева Г.К., Тажибаев Ж.Д.,  Усөнов Б.Н.,   Ашимжан кызы Айпери, Абдуллаев Д.А., Арзиев Э.М.  барып катышып, билимдерин  жогорулатып келишти.         

Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Жапаровдун Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү  Жарлыгын ишке ашыруу жана бул маанилүү саясий иш чараны жогорку деңгээлде даярдоо жана уюштуруу  максатында, Ош шаардык Кеңешинин токтому менен,  Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков  башында турган, курамына депутаттарды, мэриянын жооптуу   кызматкерлерин, коомчулуктун өкүлдөрүн    камтыган жумушчу топ түзүлүп, муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык  аймактык башкармалыгында жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү  шайлоо   боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги бекитилип,  чогулуштарды өткөрүүчү депутаттар  аныкталып, ага ылайык жогоруда аталган аймактарда  чогулуштар уюштурулуп өткөрүлдү.   Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  отурумдары өткөрүлүп, акыркы отурумда    муниципалдык аймактарда жана Жапалак айылдык аймагында шаардын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын жыйынтыктары каралды.  Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга 300 адам шайланып,   алар 2023-жылдын 18-ноябрында Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбековдун алып баруусунда өткөн    өкүлчүлүктүү жыйында  Элдик Курултайга Ош шаарына квота боюнча бөлүнгөн 39 делегатты шайлашты. Жергиликтүү өкүлчүлүктүү  жыйындын протоколу жазылып, шайланган делегаттардын анкеталары, жана республикалык масштабда чечүүнү талап кылган шаардагы көйгөйлүү маселелер   менен биргеликте Элдик Курултайды уюштуруу комитетине жөнөтүлдү. Ош шаарынан  шайланган 39 делегат 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөн Элдик Курултайга катышып келишти.

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары жана аппарат кызматкерлери шаарда өткөн бардык маанилүү   жалпы маданий, спорттук  жана саясий иш-чараларга  активдүү катышышты. Ошондой эле, шаардын мекеме-ишканаларынын жана уюмдардын кесиптик майрамдарына арналган иш чараларга да катышып, алдыңкы, ийгиликтерди жараткан кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Бул багытта, жыл ичинде   мекеме-ишканалардын жана уюмдардын 595 кызматкери  Ош шаардк Кеңешинин Ардак грамотасы жана жана 6 кызматкери ыраазчылык баракчасы менен сыйланган.

23-июнь – Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин  кесиптик майрамына карата, шаардык Кеңештин төрагасы Назылбеков С.С., бюджет маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төргасы Арзиев Э.М.,   аппарат кызматкери М.Раманов   Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат   жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттиктик  агенттигинин   Ардак грамотасы менен,   социалдык  маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын  төрагасы Баетов Б.Т. аталган агенттиктин Грамотасы менен сыйланышты, шаардык Кеңештин аппарат кызматкерлери К.Жамалов жана К.Алимжанова Ош областтык профсоюз уюмунун Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы менен  аппарат кызматкери  А.Эргашева Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен   сыйланды. Ош шаарынын күнүнө карата,   шаардык Кеңештин ишмердигин   жакшыртууга кошкон салымдары үчүн   шаардык Кеңештин депутаттары Ормонова Ж.А., Абдуллаев Д.А., Исамова Х.А., Мирзаева Р.А., Мырзабеков  М.М., Абдрахманов И.Ж.,  Салиева А.А., Маматов М.А.,  Жолдошбаев Б.С., Раимов Э.Ж., Маматкулов М.Б. Ош шаардык Кеңешинин   Ардак грамотасы менен сыйланышты, ал эми Жолдошбаев Б.С. Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына ээ болду. 

Персонал менен иштөө боюнча  иштер жүргүзүлдү.  Жыл ичинде   кадрлар резервине талапкерлерди тандоо боюнча  эки жолу конкурс өткөрүлүп, 8 талапкер кадрлар резервине киргизилди. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майынлдагы №169 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү  жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө Жарлыгынын  негизинде Ош шаардык Кеңешинин  административдик  кызмат орундарын  ээлеген кызматкерлер аттестациядан өтүштү. Шаардык Кеңештин 4 кызматкерине   “Муниципалдык  кызматтын кенже инспектору” класстык чендери ыйгарылды. Эки кызматкер – башкы адис  М.Раманов Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигинин    окуу борбору  тарабынан   уюштурулган  “Мамлекеттик финансынын башкаруунун негиздери”  деген темада,   жетектөөчү адис Б.Заиров “Мамлекеттик  инвестициялар  долбоорлорун башкаруу” деген темада Бишкек шаарында  кыска мөөнөттүү окуу курстарында окуп келишти. 2023-жылдын   декабрь айында  жетектөөчү адис Б.Заиров жана адис Т.Сегизбаева “Жарандык иденттүүлүктүн   өнүгүү концепциясы – Кыргыз жараны” темасы боюнча  окуп келишти. Мындан сырткары дагы аппараттын кызматкерлери  жергиликтүү деңгээлде уюштурулган ар кандай тематикадагы   семинарларга  жана тегерек столдорго катышып турушту.                                                            

Ош шаардык Кеңешинде бардык иш кагаздар электрондук түргө өткөрүлүп, кирген-чыккан документтерди каттоо “Инфодокс” системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Жыл башынан бери  773    кат кирген, анын  61и жогорку органдардан,  773ү  мекеме-ишканалардан,  95и   жарандардан келген кайрылуулар. Катталып кирген бардык  каттар   мыйзам чегинде   каралып,  алардын   ээлерине тиешелүү жооптор   берилген. 

Шаардык Кеңештин материалдык –техникалык  базасын жакшыртуу боюнча иштер  жүргүзүлдү. Шаардык Кеңештин кызматтык бөлмөлөрү ремонттолуп, 11 бөлмөнүн эшиктери алмаштырылды, кызматтык бөлмөлөргө 20 пог.м шкафтар жасатылды, 6 дана принтер алынды, сессиялар өтүүчү жыйындар залына 5 даана кресло алынды,   шаардык Кеңештин сессияларын, труктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарын түз эфирде  тартуу үчүн,  басма сөз кызматына  1 даана “Айфон” маркасындагы уюлдук телефон сатылып алынып, шаардык Кеңештин ишмердигин   чагылдыруу боюнча  иштер аткарылууда.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)