Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2024-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу болду

2024-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу болду

27 февраль 2024, Вторник
242
0


  


Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Нуранов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаев, шаардык Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыров, коомдук уюмдардын жана  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Коомдук угууда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К. Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча кенен маалымат берди. 

Андан кийин “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиси А. Сатинбаева жарандык коомдун өкүлдөрүнүн атынан бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча сунуштарды киргизип, баяндама жасады.

Андан соң Ош шаарынын тургундары, жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык Кеңештин депутаттары, бюджеттин долбоору боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Жыйынтыгында Ош шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин көлөмү 2 884 956,2 миң сом болуп сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)