Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кенешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жыйыны болуп өттү.

Ош шаардык Кенешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жыйыны болуп өттү.

07 март 2024, Четверг
290
0

2024-жылдын 7-март күнү Ош шаардык Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгын аткаруу максатында жыйын болуп өттү. 

Жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков баштаган Ош шаардык Кеңешинин депутаттары жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн, Шарк, Нариман айыл өкмөттөрүнөн келген жергиликтүү айылдык кеңештеринин депутаттары жана Ош шаарынын прокуратурасынын, Ош областы жана Ош шаары боюнча юстиция башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Ош шаардык Кенешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары таанышып, алдыда боло турган иш-чараларды талкуулашты.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)