Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоо боюнча иш-чара болуп өттү

Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоо боюнча иш-чара болуп өттү

20 май 2023, Суббота
269
0

     Бүгүн, Ош технологиялык университетинде, Ош шаарынын мэриясы уюштурган,  Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулоо боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин у.м.а. бөлүм башчысы  Гүлмира Ыбышова, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын улуттук долбоорлор боюнча координатору Эркин Исакулов, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Салман Назылбеков ачылышында ачылышында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө  өткөн мезгилге кыскача токтолуп, Ош шаары 2003-жылы өз алдынча башкаруу системасына өтүп, республикалык маанидеги шаар статусун алгандыгын  белгиледи. “Долбоору талкуулана турган Ош шаарынын уставы   шаардын калкы үчүн эң бир маанилүү документ болуп эсептелет.  Анткени шаардын түзүмү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын коомдук уюмдары,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган  жамааттын мүчөлөрүнүн бири-бири менен жана башкаруу органдары менен мамилелери,  кыскасы шаардын турмуш тиричилигин камсыздоо  маселелери  толугу менен уставда камтылат” деп айтып,  иш-чарага катышып отургандарды уставдын долбоорун талкуулоого активдүү  катышып,  долбоор боюнча  сунуштарын, ой-пикирлерин  билдирүүгө   чакырды жана жамаатын мүчөлөрүнүн жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуудагы укуктарына токтолуп  кетти. 

         Иш чарага шаардык Кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция,   ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана  орто   бизнести колдоо жана  миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана башка депутаттар да катышышты.

    Белгилей кетсек, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоору  шаар калкы тарабынан талкууланып,  айтылган сунуштарды эске алуу менен толукталып иштелип чыккандан кийин Ош шаардык Кеңеши тарабынан  бекитилет.






Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)