2024-жылдын 17-декабрында Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
2024-жылдын 17-декабрында Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Т.Исаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Б.Баетов, депутаттар-комиссия мүчөлөрү Ш.Нуранов, И.Абдырахманов, Д.Мирабитова, А.Маматалиев, А.Салиева, М.Абдыманапов, Абдилда уулу Элеман Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилин өткөрүүнүн жүрүшү жана Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жыл үчүн иш-планын бекитүү жөнүндө маселелер каралды.
Депутаттар тарабынан шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен суроо-жооптор болуп, талкууланып жана тапшырмалар берилип, туруктуу депутаттык комиссия чечимдерди кабыл алды.