Ош аймактык шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
Ош аймактык шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
Ош аймактык шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (шаардык жана айылдык кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин документтерин Аймактык шайлоо комиссиясына (мындан ары – ТИК) 2025-жылдын 31-мартка саат 18-00үнө чейин тапшыруулары зарыл.
Жарандар, коомдук бирикмелер 2025-жылдын 31-мартка саат 18-00үнө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке (шаардык, айылдык) документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясы шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге КР БШКга токтоосуз өткөрүлүр берилет.
Учаткалык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:
- участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, участкылык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү УШКнын курамында турган саясый партиялар (КР БШКнын расмий сайтынан караңыз) ал УШКнын резервине документтерди тапшырбайт.