Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

27 март 2025, Четверг
39
0
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү
 
 
Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү.
Отурумду комиссиянын төрагасы А.Тургунбаев алып барды.
Отурумдун күн тартибинде Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн жол коопсуздугун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.
Шаардагы “Коопсуз шаар” долбоорунун иштеши боюнча суроо-жооптор болуп, депутаттар тарабынан маселе чийки, маалыматтар так эмес экендиги белгиленди.
Туруктуу депутаттык комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ойлорун, долбоордун шаарга пайдасы жана зыяны, шаардагы болуп жаткан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү иретке келтирүү иштерине байланыштуу жол эрежелеринин толук сакталбай жаткандыгы, ошол себептен айдоочулардын негизсиз айыппул төлөп жаткандыгы, акча каражаттарынын жергиликтүү бюджетке түшүүсү боюнча сунуштарын беришти.
Жыйынтыгында Ош шаарында азыркы учурда болуп жаткан көчөлөрдү кеңейтүү, бак-дарактарды тигүү, жолдорду оңдоп-түзөө жана асфальттоо иштери аяктаганга чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун ишин убактылуу токтотуп туруу сунушу менен Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды.
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)