Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Муниципалдык автобустук, троллейбустук жана кичи автобустук каттамдардын жол кире тарифи боюнча

Муниципалдык автобустук, троллейбустук жана кичи автобустук каттамдардын жол кире тарифи боюнча

15 май 2025, Четверг
81
0
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!





















Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык муниципалдык автоунаа жана Ош  шаарынын   мэриясынын  жүргүнчүлөр транспортунун  агенттиги муниципалдык  ишканалары тарабынан күйүүчү, майлоочу майлардын, унаа  тетиктеринин бааларынын акыркы 3(үч) жылдын аралыгында кескин жогорулап кеткендигинен улам, шаардык муниципалдык автобустук  жана   троллейбустук жана кичи автобустук маршруттук каттамдарындагы ташуулуучу жүргүнчүлөрдүн учурдагы наркы өзүн-өзү актабай калгандыгына байланыштуу шаардык муниципалдык троллейбустук, автобустук каттамдарында жол акы тарифин   электрондук, мобилдик төлөө тутумдары аркылуу катардагы бир  жүргүнчүгө 15 (он беш) сом, ал эми накталай түрүндө 17 (он жети) сом жана мектеп окуучуларына  7 (жети) сом өлчөмүндө жана шаардык кичи автобустук  машруттук  каттамдардын   жол  кире акысын 20 (жыйырма) сом, ал эми окуучуларга 10 (он) сом   болуусу  учурдун талабы болууда.  

Урматтуу  шаардыктар, сиздердин  талкууңуздарга  коюлуп   жаткан  шаарыбыздын муниципалдык автобустук  жана  троллейбустук жана кичи  автобустук каттамдардын жол кире тарифи боюнча маселеге ой-пикирлериңизди   жогоруда  көрсөтүлгөн  жагдайларды эске  алуу жана   түшүнүү  менен  бөлүшүп   берүүңүздөрдү  суранабыз  жана   бул  маселе  боюнча   пикирлериңиздерди, сунушуңуздарды   Ош шаардык Кеңешинин электрондук дарегине (oshkenesh@gmail.com)  жана   төмөндөгү  байланыш  телефондорго   билдирип  коюуңуздарды  суранабыз. 

Байланыш  телефондор: (03222) 5-55-12, (03222) 5-57-48.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)