“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын
ыйгаруу жөнүндө
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо комиссиясы тарабынан 2024-2025-жылдарга карата “Ош шаарынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу маселеси келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобонун 8-беренесине ылайык, наам ыйгарууга сунушталган талапкер жөнүндөгү маалыматтар шаардык Кеңештин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясы тарабынан каралгандан кийин массалык маалымат каражаттары аркылуу 15 календардык күндөн кем эмес убакытка коомдук талкууга коюлууга тийиш.
Ошол себептен урматтуу шаардыктар, сиздерден Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө токтом долбоору жана наам ыйгарууга сунушталган талапкерлер жөнүндөгү маалыматтар боюнча сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз.
Байланыш тел: (0554) 424-777.
Буйрутмачы: Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо комиссиясы.
Коомдук талкууга коюлуучу материалдардын курамы:
- Ош шаардык Кеңешинин токтом долбоору 1 баракта;
- наам ыйгарууга сунушталган талапкерлер жөнүндө маалыматтар 7 баракта.
Долбоор
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XIX СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
Т О К Т О М
2026-жылдын ___–февралы № Ош шаары
“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын
ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого ылайык, “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуштарды кароо комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы №Пр.9/504 протоколун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 6-февралындагы №67, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгынын 2026-жылдын ___-февралындагы №__ протоколун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:
–Алибаев Жолболду Парпиевичке;
–Бокоев Камчыбек Толонбаевичке;
–Эралиев Какан Тороновичке;
–Токтомаметова Тамарага;
–Асанов Рашбекке;
–Мирзакаримова Айкакулгө;
–Арабаев Чолпонкул Исаевичке;
– Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичке;
– Ибраев Таалайбек Өмүкеевичке.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага Б.Т.Баетов
“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылуучу
талапкерлер боюнча маалымат
Ош шаарынын мэриясынын ”Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча 2024-2025-жылдарга 15 сунуш келип түшкөн. Ал эми “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиясынын отурумунда 9 талапкер тандалып алынып, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталды.
Биринчи талапкер Алибаев Жолболду Парпиевич, сунуш Ош мамлекеттик университетинен келип түшкөн.
Ж.П. Алибаев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу 1-май айылында 1947-жылдын 6-августунда төрөлгөн. 1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Окууну аяктагандан кийин Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында, Жалал-Абад маданият техникумунда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген. Ал эми 2000-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Аталган окуу жайда окутуучулуктан баштап ага окутуучу кызматтык даражасына, доцент, профессордук наамдарына чейин жеткен.
Ж.П. Алибаев 4 усулдук окуу-усулдук китептин, 200дөн ашуун обондуу ырлардын автору. Кыргыз радион-телевидениесинин алтын фондунда 500дөн ашуун ар түрдүү жанрдагы ырларды аткарып, жаздырган. Элдик оозеки чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл буруп белгилүү, акын жазуучулардын (Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Жеңижок, Молдо Кылыч, Нур Молдо, Барпы ж.б.) чыгармаларына обон жараткан.
Бүгүнкү күндө Ж.П. Алибаев Ош мамлекеттик университетинин алдындагы “Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбор” лабораториясынын концертмейстери кызмат ордунда эмгектенүүдө.
Коп жылдык үзүрлүү эмгеги жана Кыргыз Республикасынын маданият тармагына кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасыныны эмгек сиңирген артисти” “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамдарына ээ болуп, Кыргыз ССР жогорку советинин грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Экинчи талапкер Бокоев Камчыбек Толонбаевич, сунуш Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан келип түшкөн.
К.Т. Бокоев 1965-жылдын 15-январында Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Мектепке чейинки жаш курагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы бала бакчада тарбияланып, 1972-жылы Чернышов атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 1982-жылы аяктаган. Орто билимге ээ болгондон кийин 1982-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун “Автомобиль жана автомобиль чарбачылыгы” факультетине тапшырган.
1983-жылы СССРдин Коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүнүн курулуш бөлүгүндө Грузия ССРнин Кутаиси шаарында кызмат өтөп, 1985-жылы кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин советтик армиянын катарынан бошотулган.
Эмгек жолунда 1985-жылы Кара-Суу районунун Кеңеш совхозунда Слесарь болуп иштөөдөн баштап, 1991-1993-жылдары Ош шаарындагы байланыш башкармалыгынын техникалык коопсуздук кызматында инженер, ал эми 1993-1994-жылдары Ош шаарындагы “Автомобиль жолдорун өндүрүштүк жана линиялык башкаруу” ишканасында башкы инженер болуп эмгектенген. 1994-жылы Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчү кызматындагы кылмышкерлерди издөө бөлүмчөсүндө мал уурулукка каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлү, 1999-жылдын октябрь айынан тартып 2000-жылдын сентябрь айына чейин ыкчам, ага ыкчам өкүлү кызматында, 2000-жылдын сентябрь айынан 2002-жылдын август айына чейин Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2003-жылдын январь, февраь айларында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн КТСБнүн башчысы, 2003-жылдын февраль айынан тартып август айына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын орто окуу жайынын Ош шаарындагы филиалында тескөөчү, 2003-жылдын август айынан 2004-жылы жогоруда аталган окуу жайда мугалим, 2004-жылдын май айынан 2008-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматында ыкчам өкүл, ага ыкчам өкүлү кызматтарында, 2008-жылдын сентябрь айынан 2009-жылдын июль айына чейин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ИККнын өкүлү, 2009-жылдын июль айынан 2012-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматында ыкчам өкүл, ага ыкчам өкүл кызматтарында, 2012-жылдын март айынан 2015-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын Ош шаарындагы филиалынын башчысы, ал эми 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук башкы башкармалыгынын 2-башкармасынын ыкчам техникалык колдоо тобунун ага ыкчам өкүлү, 2018-2019-жылдары Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын КККнын лицензия уруксат берүү иштери боюнча тобунда кызмат өтөгөн. Ардактуу эс алууга 2029-жылдын 30-октябрынан баштап чыккан. 2024-жылдын ноябрь айынан Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн улук тескөөчүсү, ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн К.Т. Бокоев Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардак грамоталары жана “Азамат” (III даражадагы үлгүлүү кызматы үчүн) медалы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 3 уулдун, 1 кыздын атасы.
Үчүнчү талапкер Эралиев Какан Торонович, сунуш Ош шаардык ардагерлер кеңешинен келип түшкөн.
К.Т. Эралиев 1957-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 2003-жылы Баткен мамлекеттик университетинде “Юриспрудениция” адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 1981-жылы Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүндө иштөөдөн баштап, ардактуу эс алууга чейин ушул тармакта эмгектенген. 1983-1985-жылдары Афганистан Республикасында интернационалдык милдетин аткарган. 1985-1988-жылдары Ош шаарындагы 36806 аскер бөлүгүндө, 1988-1993-жылдары Германиядагы батыш күчтөрүнүн 96574 аскерлер бөлүмүндө, 1993-1999-жылдары Ош шаарындагы 30629 аскер бөлүгүндө кийим-кече кызматынын башчысы кызматында эмгектенген. Ош шаарындагы 2065 аскер бөлүгүндө, 2005-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2065 аскер бөлүгүнүн командири, 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары-Башкы штабынын башчысынын орун басары болуп кызмат өтөгөн. Ал эми 2011-жылы полковник аскер наамында куралдуу күчтөрүнүн катарынан запаска бошотулган. 2012-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык Ооган согушунун ардагерлери кеңешинин төрагасы катары коомдук ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ошондой эле 2014-жылдан бери Ош Эл аралык аэропортунда жайгашкан “Эйрлайн Транспорт Инкорпорейшн” эркин экономикалык аймагынын жоопкерчилиги чектелген ишканасынын филиалынын директорунун орун басары болуп эмгектенүүдө.
К.Т. Эралиев өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын полковниги аскердик наамынын, Согуш-Интернационалист катары ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин I даражадагы “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн” медалынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын, Кыргыз Республикасынын ардактуу чек арачысы наамы жана Ооган согушунун ардагери медалынын ээси болгон. Үй-бүлөлүү 3 уулдун атасы.
Төртүнчү талапкер Токтомаметова Тамара, сунуш Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан келип түшкөн.
Т.Токтомаметова 1949-жылдын 5-сентябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу айылында төрөлгөн. 1964-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1968-жылы Ош педагогикалык окуу жайына тапшырып, 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине которулуп, 1974-жылы аяктаган. 1974-жылы Кыргыз теле радио берүү комитетине ишке орношкон. Ал эми 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде иштеп, 1984-жылы кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасына аспирантурага тапшырып, 1986-жылы аяктагандан кийин ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу болуп эмгектенген. 1993-жылдан тартып Республикалык жогорку колледжинде гуманитардык факультеттердин деканы, 1997-жылы Чүй университетинин Оштогу филиалынын жетекчиси, Ош шаарындагы Т. Муканбетов атындагы “Балдарды коргоо жана илим, билим, адабият, маданият ишмерлерин колдоо” фондунун төрайымы болгон. 2006-жылы “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйүн ачып бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келүүдө.
Талапкер көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кесиптик ишмердүүлугу үчүн “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси, Ош шаардык Кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бешинчи талапкер Асанов Рашбек, сунуш С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан келип түшкөн.
Р. Асанов 1949-жылдын 25-июнунда Чүй облусунун Москва районунда төрөлгөн. 1966-жылы орто мектепти аяктап, 1967-жылы Москвадагы А.В. Луначаров атындагы театр окуу жайына тапшырып, 1972-жылы аталган окуу жайды аяктаган. Эмгек жолунда 1972-жылдан тартып Ош улуттук драма театрына актер болуп жумушка орношуп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Өзүнүн эмгек жолунда 100дөн ашуун ар түрдүү ролдорду аткарган. Көп жылдк үзүрлүү эмгегинин натыйжасы менен “Кыргыз Республикасынын Эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ” ардактуу наамдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Ош шаарынын мэриясынын, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Маданият кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин Адак грамоталары жана Кыргызстан театр ишмерлер союзунун лауреаттык диплому менен сыйланган.Үй-бүлөлүү 3 баланын атасы.
Алтынчы талапкер Мирзакаримова Айкөкүл, сунуш Ош шаарынын мэриясынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынан келип түшкөн.
А. Мирзакаримова 1946-жылдын 3-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1969-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институн “кыргыз тил мугалими” адистигин, 1985-жылы Өзбекистан Республикасынын Андижан пахтачылык институтун “Олий агроном” адистигин аяктаган жана 1989-жылы Москвадагы ЦК КПСС БКнын “Партийное советской строительство” квалификациясына ээ болгон.
Талапкер 1964-1969-жылдары Өзгөн райондук ЗАГС бөлүмүнүн иш башкаруучусу, 1969-1974-жылдары Совет райондук ЗАГС бөлүмүнүн башчысы, 1974-1978-жылдары Совет райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, 1978-1983-жылдары Базар-Коргон райкомунун 3-катчысы, андан кийин 2-катчысы, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон райондук партия комитетинин 1-катчысы, 1991-1995-жылдары Ош облустук маданият бөлүмүнүн башчысы, 1994-2004-жылдары Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 2005-2006-жылдары САО Кыргызинстрактын башчысы кызмат орундарында эмгектенген.Бүгүнкү күндө Ош облустук аксакалдар кеңешинин президиумунун мүчөсү, Ош облустук аялдар кеңешинин төрайымы болуп эмгектенүүдө.
А. Мирзакаримова көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кесиптик жетишкендиктери үчүн “Знак почета” ордени, “Даңк”, “Ветеран труда”, “Манас эпосуна 1000 жыл”, “Кыргыз Республикасына 10 жыл”, медалдары жана “Даанышман” төш белгилери менен сыйланган. Үй-бүлөлүү 4 баланын апасы.
Жетинчи талапкер Арапбаев Чолпонкул Исаевич, сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынан келип түшкөн.
Ч.И. Арапбаев 1957-жылдын 17-сентябрында Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Доболу айылында төрөлгөн. 1964-жылы Ат-Башы районундагы “Кызыл-Аскер” орто мектебине кабыл алынып, 1974-жылы аяктаган. Мектепти аяктагандан кийин Куйбышев колхозунда чабандын жардамчысы болуп эмгектенген. 1975-1977-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызматын өтөгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктап, “Жарандык укук жана процесс” кафедрасында окутуучу болуп эмгектенип баштаган. 1990-жылы Москвадагы СССР илимдер академиясын мамлекет жана институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы, даярдоо бөлүмүнүн деканы, директору кызматтарын аркалаган. 1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, 1999-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Премьер министринин аппаратынын укук департаментинин башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы Өкмөттүн укуктук өкүлү, 1999-жылдан тартып КРнын Өкмөт алдындагы миграция жана демография боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер министринин биринчи орун басары, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы укуктук өкүлү, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору, 2006-2010-жылдары Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик кадр кызматы агенттигинин борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, 2010-жылдан 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматтарынын жетекчиси, 2012-2013-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык инсттитунда кафедра башчысы кызмат ордуларында эмгектенген. Ал эми 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Прездиумунда башкы окумуштуу катчы, мамлекет жана укук институтунда директордун милдетин аткаруучу, вице-президенти кызматтарын аркалап келүүдө.
Талапкер көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасы менен “Юридика илимдеринин доктору” окумуштуулук даражасынын,“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгисинин, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардактуу наамынын, “Юстициянын отличниги” белигсинин “Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги”, значоктору менен сыйланган. Үй-бүлөлүү 5 баланын атасы.
Сегизинчи талапкер Токторбаев Жеңишбек Шермаматович, сунуш Ош шаарынын мэриясынын профсоюзунан келип түшкөн.
Ж.Ш. Токторбаев 1968-жылдын 14-февралында Ош облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. 1992-жылы Украинадагы Хмельницк Технологиялык институтун “Инженер-механик” адистиги боюнча, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрларды даярдоо борборунда “Укук таануу” адистиги боюнча толук курсун аяктаган. Эмгек жолунда 1992-1993-жылдары Жалал-Абад шаарынын алкоголсуз сыра бирикмесинде “Микробиолог”, 1994-2003-жылдары жеке ишкер, 2004-2005-жылдары Жалал-Абад шаарынын “Достук” коомдук аймактык башкармалыгынын башчысы, 2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, 2021-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары эмгектенген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын негизинде Ош шаарынын мэри кызмат ордуна дайындалып бүгункү күнгө чейин эмгектенүүдө.
Кызматтагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы жана башка юбилейлик медалдар жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Үй-бүлөлүү 5 баланын атасы.
Тогузунчу талапкер Ибраев Таалайбек Өмүкеевич, сунуш “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы, Ош электр тармактары ишканасынан келип түшкөн.
Ибраев Таалайбек Өмүкеевич 1961-жылдын 28-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында төрөлгөн. 2003-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде “Электр менен жабдуу” адистигин аяктап, инженер квалификациясына ээ болгон.
Эмгек жолун 1980-жылы Фрунзе шаарындагы “40 жыл Октябрь” тигүү фабрикасында 4-разряддагы автослесарь болуп иштөөдөн баштаган. Ал эми 1980-1982-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн. 1983-жылдан баштап Кыргыз ССРинин курулуш министрлигинде 3-разряддагы автослесарь, 4-разряддагы электрик, 1983-жылдын август айынан баштап 1987-жылдын февралына чейин Чолпон-Ата тиричилик комбинатында фотограф, 1987-жылдын апрель айынан 1988-жылдын январь айына чейин В.И. Ленин атындагы станок куруу заводунун өндүрүштүк бирикмесинин жумушчусу, фотограф, крановщик, 1988-жылдын февралынан 1992-жылдын апрелине чейин Кочкор райондук тиричилик комбинатында фотограф, 1992-жылдын майынан 1997-жылдын декабрына чейин “Уз” чакан ишканасында электр монтаждоочу, 1998-жылдын апрелинен 2001-жылдын ноябрына чейин Бишкектеги электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн контролеру, техниги, тиричлик тобунун инспектору, 2001-жылдын ноябрынан 2002-жылдын мартына чейин “Түндүк электр” АК Сокулук РЭСИНде инспектор, улук инспектор, сатуу кызматынын башчысы, улук инспектор, башчынын орун басары, 2004-жылдын декабрь айынан 2005-жылдын мартына чейин “Түндүк электр” ААКда электр энегриясын сатуу кызматынын башчысынын орун басары, 2005-жылдын майынан 2008-жылдын февралына чейин “Түндүк электр” ААКнын коммерциялык директору, 2008-жылдын декабрынан 2010-жылдын майына чейин “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун ибашкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу, башкы директорунун орун басары, 2011-жылдын июнь айынан август айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ОЭК комитетинин эксперти, 2011-жылдын августунан 2014-жылдын майына чейин “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары, 2014-жылдын майынан 2015-жылдын январына чейин “Оргтехстрой” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы, 2015-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогнорку Кеңешинин депутаты, 2016-жылдын июнь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин Чүй жогорку вольттуу электр тармактар ишканасынын – “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалынын директору, 2021-жылдын май айынан июнь айына чейин “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун учууларды электр-жарык-техникалык камсыздоо кызматынын башчысынын орун басары, 2021-жылдын июнуна 2022-жылдын июнуна чейин Энергетика министринин орун басары, 2022-жылдын оркутябрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Энергетика министри кызмат ордунда эмгектенип келүүдө.
Т.Ө. Ибраевге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 13-октябрындагы № 207 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекетик кеңешчиси деген класттык чен берилген. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Кеменгер” ардак төш белгиси, “Кыргызтуракжайкомунсоюз” бириккен профсоюз уюмунун “Шериктеш” төш белгиси, “Улуу жеңиштин 70 жылдыгы” медалы, “СССРдеги билим берүүнүн 90 жылдыгын салтанаттуу белгилөө” медалы, Көз карандысыз мамлекеттердин электро энергетикалык кеңешинин “Көз карандысыз мамлекеттердин бирдигинин эмгек сиңирген энергетиги” медалы, “Энергетика жана өндүруш тармагынын отличниги” медалы, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин “Аскер кызматташтыгын бекемдегендиги үчүн” медалы, “Кыргыз Республикасынын туракжайкоммуналдык чарба каарманы” белгиси, “И. Раззаков атындагы КМТУнун энергетика факультетинин 60 жыл” мааракелик медалы, “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 70 жылдыгы” медалы, “Карегимде мекен чеги” медалы, “Кочкор айылынын ардактуу атуулу” наамы, “Үч-Коргон” ГЭСинин 60 жылдыгы медалы, Жайыл районунун ардактуу кызматкери медалы, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин грамотасы, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Ардак грамотасы, Кыргызстан профсоюз федерациясынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Үй-булөлүү, 2 кыз 1 уулдун атасы.

Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)