Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө токтом долбоор маселесин коомдук талкууга чыгаруу жөнүндө

“Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө токтом долбоор маселесин коомдук талкууга чыгаруу жөнүндө

07 апрель 2026, Вторник
0
0

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!



Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, мыйзамдарынын негизинде Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген  “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү маселеси Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесинин талаптарына ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорлору он беш календардык күндөн кем эмес мөөнөткө коомдук талкууга коюлууга тийиш.

Ошондуктан урматтуу шаардыктар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (0554) 424-777.


Буйрутмачы: Ош шаарынын мэриясы.


Коомдук талкууга коюлуучу материалдардын курамы:

Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген   “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө токтом долбоор;


- Өзгөртүүгө сунушталган шарттар салыштырмалуу таблицада.





















Долбоор

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XX СЕССИЯСЫ

(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

Т   О  К  Т   О  М

2026-жылдын ____–апрели                   №                                                Ош шаары                                                                    


Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы

№11 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө”

Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө


Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын        34-беренесин жетекчиликке алыпОш шаардык Кеңешинин 2021-жылдын            28-сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген  “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги №73 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:


1. Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 1.5 пункту толукталып, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:

“1.5. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган турак-жай ушул Жобонун талаптарына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурда Ош шаарынын мэриясы мыйзамдардын талаптарынын негизинде башка максатта пайдаланууга укуктуу”.


2. Ушул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.


3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө  кырдаалдар маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына  (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.



Төрага                                                                                                        Б.Т.Баетов

«Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомунун долбооруна сунушталуучу шарттардын салыштырма таблицасы




Учурдагы

Сунушталуучу

Жобонун 1.5 пункту өзгөртүлөт

1.5 Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана / же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган турак-жай ушул Жобонун талаптарына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.

1.5 Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган турак-жай ушул Жобонун талаптарына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш. Зарыл болгон учурда Ош шаарынын мэриясы мыйзамдардын талаптарынын негизинде башка максатта пайдалануга укуктуу.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)