Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары улуттук демократиялык институту тарабынан өткөрүлгөн форумга катышты.

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары улуттук демократиялык институту тарабынан өткөрүлгөн форумга катышты.

26 сентябрь 2022, Понедельник
1 306
0

   23-25-сентябрда, Ыссык-Көл жергесинде улуттук демократиялык институту тарабыанан форум уюштурулуп, ага шаардык Кеңештердин депутаттары жана жарандык коом уюмдарынын катышуусунда шаарлардагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү бөюнча долбоорлорду талкуулоо жана иштеп чыгуунун алкагында маселелер каралды.

Форумга Ош шаардык Кеңешинин депутаттары жигердүү катышып, Ош шаарындагы мектептердеги жетишпестиктер боюнча бир катар көйгөйлөргө токтолуп өтүштү.

Жыйынтыгында,  Ош шаардык Кеңешинин депутаттары калаадагы мектептердеги көйгөйлөр  жана орчундуу маселелер боюнча долбоорлорду презентация кылышып, улуттук демократиялык институту менен тыгыз иштешүү боюнча меморандумга кол коюшту.  

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)