Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында көп балалуу энелерди сыйлоо аземи болуп өттү

Ош шаарында көп балалуу энелерди сыйлоо аземи болуп өттү

26 сентябрь 2022, Понедельник
686
0

    Бүгүн, 26-сентябрда Ош шаарында көп балалуу энелерди сыйлоого арналган  иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана  Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышты. 

    Төрага өз сөзүндө Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан көп балалуу энелерди куттуктап, энелердин мээриминин чексиздигине токтолуп, ар бир эне уул-кызын мекенин сүйүүгө тарбиялай турганын баса белгиледи.

   “Тогуз ай көтөрүп жарык дүйнөгө балдарыбызды алып келип, жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон энелерибизге канчалык урмат-сый көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Жер жүзүндө кандай гана жакшы саамалыктар жаралса, анын башаты бул энелерибиз”, деди төрага. 

       Ош шаарында жалпы 14 энеге “Баатыр эне” ордени, 12 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)