Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында 1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленди.

Ош шаарында 1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленди.

01 октябрь 2022, Суббота
645
0

       Бүгүн, Ош шаарында 1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленип, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков  Ош шаарынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолдошов Касымбай аксакалдан кабар алды.

 Төрага Касымбай аксакалдын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, Улгайган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртууну, урмат-сыйга бөлөнүп жашоо үчүн шарт түзүүнү, татыктуу карылыкты жана социалдык жактан коргоону камсыздоону   майрамдарда эле эмес, күн сайын алардын дөөлөттүү өмүр сүрүүсүнө кам көрүү экендигин баса белгиледи.

Касымбай аксакалдын  Улуу Ата Мекендик согуштагы көрсөткөн эрдиктери жөнүндө маектешип, азыркы күндө жаштарыбызды патриоттуулукка тарбиялоодо аксакалдардын кеңештери зарыл экендигин белгилеп, мындан ары да узак өмүр   сүрүп, ден соолукта болушуна тилектештигин билдирип, белектерди тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)