Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору талкууланды

Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору талкууланды

17 сентябрь 2021, Пятница
942
0

2021-жылдын 17-сентябрь күнү Ош шаардык Кеңешинин төрагасы       Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык Кеңештин депутаттары жана бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору талкууланды.  

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорунун үстүнөн иш алып барып жаткан комиссиянын мүчөлөрү жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура  боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү шаардын деталдык пландоо долбоору боюнча  жүрүп жаткан иштери жөнүндө кеңири маалымат беришти. Депутаттар тарабынан суроолор жана сунуштар  айтылып, Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууну тездетүү сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)