Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

05 октябрь 2022, Среда
557
0


Баарыңыздарды шаарыбыздын майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм.

Мына бүгүн шаарыбызга 3022 жыл болуп өнүгүүнүн жолунда баратат.

Ош 3000 жылдан ашуун тарыхы бар байыркы шаар. Улуу Жибек жолундагы эң ири шааарлардын бири катары, абасы таза, жамы-мечити, базарлардын ортосунда жайгашкан, тоого жакын, бай, суулары мол жер катары маанилүү калаага айланып, Кыргызстандын «Түштүк борбору» деген макамга ээ. 

Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө өзгөчө ролу, орду бар шаар жана «Ош шаары – Кыргызстандын жүрөгү» деп бекеринен айтылбайт. 

Ош шаары көп улуттан турган элдердин шаары. Ынтымакты, достукту, туруктуулукту, тынчтыкты акылман элибиз кылымдардан бери коюн-колтук алышып, жакшылыктарда бир болуп, бирин-бири колдоп келген ата-бабаларыбыздын жакшы салтын улантууга дилгир мамиледе экендиги баарыбызга маалым. 

Андыктан, ордолуу Ош шаарыбыз ар тараптан гүлдөп, өсүп-өнүгө берсин. Ал үчүн шаарыбыздын тургуну катары баарыбыз өз салымыбызды кошолу. Ылайым Ошум аман болсун, тынч болсун, асманы ачык болсун. Ошумда жашаган ар биринин үйүндө барчылык болсун. 


Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                                             С.С.Назылбеков

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)