Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Мамлекеттик тил майрамынын 32 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Ош шаарында Мамлекеттик тил майрамынын 32 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

22 сентябрь 2021, Среда
1 169
0

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик тил майрамынын 32 жылдыгына арналган салтанат өткөрүлдү.  Салтанаттуу аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов катышып,  эне тилибиздин мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 32 жылдык майрамы менен куттуктады. Эл өкүлү өз сөзүндө, баарыбыз биргеликте кыргыз тилин жогорку деңгээлге жеткирип, кастарлап, көп улуттуу шаарыбызда, бири-бирибизге жакшылыктарды каалап, мамлекетибиздин бекемдигин сактоого өз салымыбызды кошолу деп баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктөрүүгө  салымын кошкон кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын жана баалуу белектерин тапшырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)