Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу кадырман аталар жана ардактуу апалар!

Урматтуу кадырман аталар жана ардактуу апалар!

01 октябрь 2021, Пятница
844
0

Урматтуу кадырман аталар жана ардактуу апалар!


Сиздерди Карылардын эл аралык күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктайм! Бул майрам улуу муундагы адамдарга таандык акылмандыктын, кутман курактын, мээрмандыктын жана сабырдуулуктун майрамы. Аталарыбыздын  жана энелерибиздин баа жеткис акылмандыгы менен жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак жана өлкөбүздө кут-ырыскы уялайт деп ойлойм.

Бул күн-кадырман ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуучу күн.

Карыларга кам көрүү-биздин милдетибиз. Улгайган адамдарга колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар болгон ар бирибиздин күн сайын аткаруучу ишибиз болуп эсептелет.


Урматтуу аталар жана энелер!


Сиздерге татыктуу карылыкты жана социалдык жактан коргоону камсыздоону майрамдарда эле эмес, күн сайын сиздер өзүңүздөрдү жакшы сезип, дөөлөттүү өмүр сүрүүгө кам көрүүңүздөр-жалпыбыздын милдетибиз. Сиздердин жашоо-турмушуңуздарды жакшыртуу, урмат-сыйга бөлөнүп жашашыңыздар үчүн шарт түзүү колубуздан келет жана ал үчүн аракеттерди жасап келе жатабыз.

Баардык ата-апаларыбызга, ардагерлерибизге чың ден соолук, бакубаттык жана тынчтык, төрүбүздө кадырлуу карылардан болуп бактылуу өмүр сүрүшүңүздөрдү каалайм.


Терең урматтоо менен,


Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                              С.Назылбеков

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)