Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ошто үлүштүк курулуш шартында экинчи көп кабаттуу турак үйүнүн курулушуна капсула салынды

Ошто үлүштүк курулуш шартында экинчи көп кабаттуу турак үйүнүн курулушуна капсула салынды

06 октябрь 2022, Четверг
555
0

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарынын Набережная №3 дарегинде Муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан үлүштүк курулуш шартында 9 кабаттуу турак үйүнүн курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты. 

Маалыматка ылайык, бул долбоордун өзгөчөлүгү – батирлер толугу менен бүтүрүлөт. Башкача айтканда батирлердин ички ремонту, тиешелүү тутумдарга кошуу, санузел, эшиктери, газ тармагына кошуу бүтүрүлүп берилет. Кардар үйдүн өздүк наркын гана төлөп, андан тышкары эч кандай кошумча акча төлөбөйт. Батирлер 1,2,3-бөлмөлүү болуп, чарчы метринин баасы 39 525 сомду түзөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)