Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын жергиликтүү курултайына делегаттарды тандоо боюнча жергиликтүү жамааттарында өткөрүлүүчү чогулуштар жыйынтыкталууда

Ош шаарынын жергиликтүү курултайына делегаттарды тандоо боюнча жергиликтүү жамааттарында өткөрүлүүчү чогулуштар жыйынтыкталууда

24 октябрь 2022, Понедельник
544
0


Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, эл өкүлү Гулсара Кулдышева, Ильяз Турдуев, Болотбек Баетов №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Буга чейин Ош шаардык Кеңеши тарабынан түзүлгөн уюштуруу комиссиясы  №1 “Туран”, №2 “Сулайман-Тоо”, №3 “Керме-Тоо”, №4 “Манас-Ата”, №5 “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыктарда делегаттарды тандоо боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, жашаган жери боюнча чогулуштарды жыйынтыктаган. Ал эми Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жыйыны 2022-жылдын 25-октябырында болору күтүлүүдө.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)