Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

Мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

25 октябрь 2022, Вторник
489
0

Бүгүн, 25-октябрда Ош шаардык Кеңешинин жана Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен Ош шаарында мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу, мыйзамсыз деп табылган коомдук тамактануучу  жайларынды мыйзам талаасына түшүрүү маселелери талкууланды.

Жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар Шахназар Бакир уулу, Болотбек Баетов, Нурислам Каримов, Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Өмүрбек Жүжүров, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн бөлүм башчысы Алтынбек Пирматов, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын башчылары жана тиешелүү адистер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын А.Шакиров, Р.Абдыкадыров жана Курманжан-Датка көчөлөрүндөгү мыйзамсыз иш аракетин жүргүзүп жаткан коомдук тамактануучу жайлардын иш аракеттерин мыйзам талаасына келтирүү. Ошондой эле, жаңыдан курулушу башталып жаткан курулуштарды мыйзам чегинде жүргүзүүнү камсыздоо боюнча талкуулар болуп, тиешелүү кызматтарга аталган маселе боюнча сунуштар айтылды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)