Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ош шаарында транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

28 октябрь 2022, Пятница
659
0

Бүгүн, 28-октябрда автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара болупөттү.Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарыШайырбек Нуранов, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Джунусбаев жана майрам ээлери катышты.

   Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов төрага Салман Назылбековдун жана Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кесип ээлерин куттуктап, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.

      Эл өкүлү өз сөзүндө, шаардагы болуп жаткан алгылыктуу иштер, коомдук транспорттун көйгөйлөрү бир четтен чечилип келе жатышы, Ош шаарына сатылып алынып келинген автобустар шаарыбызда жүргүнчүлөрдү ташуу маселесин жолго салаарын, автобустар шаардын муниципалдык каттамдарына коюлуп, шаардыктарды тейлөөдө жакшы иш алып барышы зарыл экендигин белгилеп өттү.

    “Азыркы күндө сапаттуу жол болбосо, өлкөбүздүн экономикасы, ошондой эле, жана башка тармактары да өнүкмөк эмес.  Анткени,  Республикабыздын региондорунун көпчүлүк бөлүгү тоолуу, кыйынчылык менен жетүүчү аймактарда жайгашкандыктан, транспорттун башка түрлөрүнө караганда автомобиль транспорту алгылыктуу орунда турат жана жол куруу  —  мамлекетибизде алдыңкы маселелердин бири болуп саналат”. — деди Шайырбек Нуранов.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)