Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү талкууланды.

Ош шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү талкууланды.

28 январь 2022, Пятница
1 079
0

Ош шаарынын 2022-жылга карата бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү талкууланды.


    2022-жылдын 28-январында Ош шаардык Кеңешинин бюджет,экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. 

    Отурумду комиссиянын төрагасы  Д.Абдуллаев алып барып, төрага С.Назылбеков, төраганынын орун басары Ш.Нуранов, комиссиянын мүчөлөрү  Х.Ахмаджанов, Э.Арзиев, М.Мырзабеков,  Б.Арзибаев, А.Эркин уулу , И.Абдарманов жана К.Папишов катышышты. Отурумдун күн тартибинде 2022-жылга карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджеттинин долбоорунун киреше бөлүгү Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри М.Исаев, каржы министирлигинин Ош  боюнча башкармалыгынын жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчыларынын катышуусуда каралды.

     Ал эми, 2022-жылга карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү 2022-жылдын 31- январында каралары белгиленди.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)