Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоорун кароо боюнча отуруму өз ишин жыйынтыктады.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоорун кароо боюнча отуруму өз ишин жыйынтыктады.

04 февраль 2022, Пятница
728
0

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоорун кароо боюнча отуруму өз ишин жыйынтыктады.


Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы тарабынан Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоорун кароо боюнча төрт күнгө созулган отуруму өз ишин аяктады. Төрт күн аралыгында туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү бул тармактарды тейлеген Ош шаарынын вице-мэрлиринин катышуусунда Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган муниципалдык ишканалардын, мекемелердин ушул жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоорун карап, отурумда айтылган депутаттардын сунуштарынын негизинде Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин суммасы тармактар боюнча такталды. Туруктуу депутаттык комиссиясынын корутундусунун негизинде бюджеттин долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жалпыланып, бюджеттин долбоору коомдук угууга жана Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.







Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)