Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ош шаардык милиция кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер!

Урматтуу Ош шаардык милиция кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер!

01 ноябрь 2022, Вторник
419
0

Кыргыз Республикасынын милициясынын 98 жылдыгы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм! 

Сиздерди сыймыктуу жана жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгилик, жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм.

   «Менин милициям – мени коргойт» деп элибиз айтып жүргөн сиздердин басып өткөн 98 жылдык жолуңуздар салмактуу жол.

   Ошол тарыхый узун жолдо өзгөчө жооптуу кесипти өз ыктыяры менен аркалап, бийликтин өкүлү катары жан дили менен берилип кызмат өтөп, билимин, бардык күч аракетин жумшап, мамлекетке, элге эмгеги сиңип, урмат-сыйга бөлөнгөн улуу муундун өкүлдөрү, урматтуу ардагерлердин басып өткөн жолдоруна, опол тоодой эмгегине таазим этебиз.

 Ардагерлерибиздин өрнөктүү өмүр жолун, жакшы салттарын шаарыбыздын ички иштер башкармалыгында бүгүнкү күндөрдө иштеп жаткан милиция кызматкерлери да татыктуу улантып келе жатышат.

    Шаарыбызда мыйзамдуулукту, укук тартибин орнотууда, элдин бейпил турмушта жашоосун камсыз кылууда сиздер биринчи сапта турасыздар. 

  Кийинки жылдарда ар кандай окуялардын күбөсү болуп жатабыз. Өлкөбүздүн, элибиздин коопсуздугуна коркунуч туудурган окуяларды башыбыздан өткөрүп жатабыз. Мына ушундай татаал кырдаалдарда элибиздин эң биринчи кезекте таянганы, ишенгени сиздер болуп жатасыздар.

    Сиздер милдетиңиздерди абийирдүүлүк менен аткарып, шаарыбыздын ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө жардамыңыздарды берип келе жатасыздар. Анткени тынчтык, бейпилдик, тартип болгон жерде гана өнүгүү болоору белгилүү. 

     Бүгүн көп улуттан турган шаарыбызда туруктуулук, тынчтык, шаарыбыз өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Мында сиздердин да салымыңыздар чоң. Мындан ары да шаардын калкынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргеликте иш алып баруубуз зарыл.

    Азыркы убакта коопсуздугубузга коркунуч туудурган күчтөрдүн иш аракеттерине каршы туруп, күрөштү күчөтүп, шаардыктардын турмушу бейпил нукта агып, тынч жашоо өкүм сүрүшүнө чоң эмгек кылуу ар бирибиздин милдетибиз.

     Заманыбыз тынч болуп, шаарыбыздын экономикасы өсүп-өнүгүп жатышы, сиздерде болуп жаткан муктаждыктардардын да бир четтен чечилип жатышына күбөбүз.

Урматтуу Ош шаардык милиция кызматкерлери! Урматтуу сержанттар, офицерлер! Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, аман болуңуздар, бар болуңуздар демекчимин.

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)