Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

03 ноябрь 2022, Четверг
712
0

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин V чакырылышынын архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму   болуп  өттү. 

     Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы   Шахназар Бакир уулу, туруктуу депутаттык комиссиянын курамына кирген депутаттар Нуркыз Кадырбек кызы, Арыпбек Айтбаев, Кушбак Шайиев, Эмилбек Раимов катышты.

    Отурумдун күн тартибине киргизилген  маселелер боюнча кызуу талкуулар жүргүзүлүп, Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө жөнүндө” №96 токтомунаОш шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маселелер шаардык Кеңештин сессиясында кароого жөнөтүлдү.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)