Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджети бекитилди.

Ош шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджети бекитилди.

10 февраль 2022, Четверг
1 106
0

Ош шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджети бекитилди.

2022-жылдын 10-февралындагы Ош шаардык Кеңешинин кезексиз VII сессиясында 

Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө маселе сунушталып, Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү эл өкүлдөрүнүн талкуусунан кийин, атайын каражаттарды кошкондо 1600510,0 миң сом өлчөмүндө аныкталып, киреше бөлүгү 1365 600,0 миң сом салык, 154 910,0 миң сом салык эмес кирешелерден жана 80 000,0 миң сом атайын каражаттардан турат. 

Ал эми Ош шаарынын 2022-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча аныкталып, жыйынтыгында киреше жана чыгаша бөлүгү 2021-жылга салыштырмалуу 242 810,0 миң сомго өсүү менен Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджети 1600 510,0 миң сом өлчөмүндө бекитилди. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)