Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Республикалык Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо аяктады

Республикалык Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо аяктады

05 ноябрь 2022, Суббота
615
0

    Бүгүн, 5-ноябрда С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма таетрында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайы болуп өттү.

  Курултайды Ош шаардык Кеңешинин төрагасы жергиликтүү курултайды даярдоо жана өткөрүү комиссиясынын төрагасы Салман Назылбеков ачып, курултайдын жашы улуу делегаты Жураев Бөрүбай Жураевичке   өткөрүп берди. 

Курултайдын  күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилип, көпчүлүк добуш менен   курултайдын күн тартиби   бекитилди.  

1.Республикалык  Элдик  Курултайга   делегаттарды шайлоо.

2.Элдик  Курултайда  көтөрүлүүчү шаардагы  негизги көйгөйлөрдү  аныктоо.

Күн тартибине ылайык жергиликтүү курултайдын төрагасы болуп  Садиков Улугбек Чирмашович шайланып, иштөө регламенти бекитилди. 

     2022-жылдын 25-ноябрында өттүүчү Элдик Курултайга 500 делегаттын ичинен  30 делегат шайланып, күн тартибиндеги  маселелер Республикалык Элдик  Курултайдын   кароосуна киргизилди.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)