Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу шаардыктар!

Урматтуу шаардыктар!

07 ноябрь 2022, Понедельник
524
0

   Бүгүн, “Тарых жана ата-бабалардын эскерүү күнүнө” карата мамлекетибиздеги көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюп, сый урмат көрсөтүүдөбүз.

Биздин аталарыбыздын жана энелерибиздин акылмандыгы, күжүрмөн эмгеги жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак жана өлкөбүзгө ырыскы алып келүүгө өбөлгө болуп келген.

    Бүгүн тарых барактарында ак эмгеги жана баалуу салымдары менен жазылып калган ата-бабаларыбызды эстеп, аларга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуучу күн. 

   Элибиздин эртеңи, мамлекетибиздин келечеги үчүн кан жанын аябаган, бүткүл күчүн, дараметин жумшаган улуу ата-бабаларыбыздын айкелдеринин Ордолуу шаарыбыздын борбордук көчөлөрүндө тургандыгы бизге дем берип, көргөн сайын өзгөчө сыймыктануу сезимдерин ойготуп турат. 

     Андыктан Ата-балаларыбызды эскерүү – биздин ар бирибиздин милдетибиз. “Тарыхы жок эл болбойт” дегендей – биз дайыма элибиздин тарыхын, салт-санаасын, үрп адатын урпактан-урпака карай дайым улап, чыгаан, улуу ата-бабаларыбызды түбөлүк эстеп, сый-урмат көрсөтүүбүз ар бирибиздин парзыбыз жана атуулдук милдетибиз деп эсептейм. 

     Мамлекетибиздин түптүүлүгүн жана бекемдигин сактап, келечегин курууда жаштарыбызга максаттуу таалим-тарбия берип, өз элинин тарыхы жана улуу ата-бабаларынын асыл осуяттары менен калыптандыруу алардын өз элинин мекенчил уул-кыздарынан болууга түрткү болот деп ишенем.

Жерибизде тынчтык, элибиз ар дайым ынтымакта болсун.


Салман Назылбеков,

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)