Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу маалымат жана басма сөз тармагынын кызматкерлери! Кымбаттуу журналисттер!

Урматтуу маалымат жана басма сөз тармагынын кызматкерлери! Кымбаттуу журналисттер!

07 ноябрь 2022, Понедельник
409
0

   “Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнү” майрамыңыздар менен, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктайм. Баарыңыздарга бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

    Сиздер эл мүдөөсүн аткарып, элге өтө жакын болгон кесиптин ээси экендигиңиздер талашсыз. Өлкөбүздө, анын ичинде, шаарыбызда болуп жаткан өзгөрүүлөр, ар кандай окуялар жөнүндө калктын калың катмарына кабарды жеткирип, коомдо пикир жаратып, жалпы журтчулугубузга чоң кызмат өтөп жатасыздар.

     Ош шаарыбызда жашаган көп улуттуу элдердин достугун чыңдоодо, улуттар аралык мамилелерди бекемдөөдө, шаардын ар тараптуу турмушунан элди кабардар кылып турууда өтөп жаткан кызматыңыздар өтө жогору.

Шаарыбыздын коомчулугуна, жаш кесиптештериңиздерге, кызматты жаңыдан баштаган жаштарга кеп-кеңештерин берип, таалим-тарбиясы жана тажрыйбасы менен салым кошуп, эл арасында кадыр баркка ээ болгон сыймыктуу жана кадырлуу кесип ээлери катары ардагерлерибиз али да болсо өз кайратынан кайтпай эмгектенип келе жатышат.

     Акыркы жылдарда маалымат майданы өзгөрүп жаңы жаш журналисттер менен толукталып, шаар турмушун кеңири, заман талабына ылайык, туура жана адилеттүү чагылдырып келишүүдө.

     Андыктан, массалык-маалымат каражаттарында эмгектенип жаткан жаш адистерибиздин келечеги кең болуп, дайыма көмөк көрсөтүп келе жаткан ардагерлерибиздин иш-аракеттери ийгиликтүү жүрүшүнө тиелектештигимди билдирем. 

Элибиз үчүн кызмат кылган майрам ээлеринин келечеги кең болуп, дайыма амандыкта жана ийгиликтердин үстүндө жолугушуп жүрөлү. 


Салман Назылбеков, 

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)