Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу илимпоздор, студенттер жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулук жана профессордук жамааты!

Урматтуу илимпоздор, студенттер жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулук жана профессордук жамааты!

10 ноябрь 2022, Четверг
571
0

    Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө илим-билим тармагында алгылыктуу иштерди жасап жатканыңыздарга ыраазычылык билдиремин

     Сиздерге бекем ден соолук, илимий иштериңиздерге чоң ийгиликтерди ал эми таланттуу жаштарыбызга терең изденүүлөрдү жана бийик жеңиштерди каалайм.

      ХХI кылым илим менен билимдин заманы. Кайсы өлкөдө илимге, билимге маани берилсе, көңүл бурулса, камкордукка алынса ошол жерде ийгилик боло тургандыгын, ошол мамлекеттер ар тараптан ийгиликтерге жетип жаткандыгын турмуш далилдеп келе жатат.

      Бүгүнкү күндүн татаал шартында илимге, билимге болгон кызыгууну жоготпой, жаш муундарга татыктуу тарбия, сапаттуу билим берип келе жаткан профессордук-окутуучулар жамаатынын ролу өзгөчө, сиздер аны менен сыймыктана аласыздар.

      Ар бир инсандын коомдогу калыптануусуна албетте алган тарбиясы жана билими чоң роль ойнойт десем жаңылышпайм. Мамлекетибиздин анын ичинде Ордолуу шаарыбыздын атын жаңы замандын жаштары, жогорку илим, билимге сугарылган, түрдүү багыттагы жаңы ачылыштарды жасап жаткан атуулдарыбыз чыгарып жатышкандыгы баарыбызды сүйүндүрүп келет. 

    «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет» деп айтылгандай бүгүнкү күндө ар бир балага таалим-тарбияны өз учурунда берип, сапаттуу фундаментин куруп, келечеке карай жол ачууда илимдин терең сырларын үйрөтүү жана багыт берүү зарыл.

  Андыктан Сиздерге илим кенин казуудагы албан ийгиликтерди, жаңы ачылыштарды жана зор жетишкендиктерди каалайм.  Бар болуңуздар, аман болуңуздар. 


Салман Назылбеков,

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)