Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу жаштар!

Урматтуу жаштар!

10 ноябрь 2022, Четверг
728
0


Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, жаркын келечек, окуудагы, иштеги, жеке турмушуңарга ийгилик каалайм.

Өлкөбүздүн келечеги жаштарда. Ал келечектин жолу жооптуу жана сыймыктуу. Ага түзүүчүлүктү, жаратмандыкты талап кылган милдеттер, заман талабына шайкеш алып келе турган көп иштер турат. Жаштар бар жерде жигердүүлүк, демилгелүүлүк күчтүү болушу керек.

Силер коомдо таза оюңар, жандуу сунуштарыңар жана алгылыктуу демилгеңерди максаттарыңарды, идеяңарды көтөрүп жана көрсөтүп келе жатасыңар. 

Албетте, бүгүн шаарыбызды ар тараптан өнүктүрүп, өстүрүүдө билим берүү, спорт, маданият жана башка тармактарды өркүндөтүү менен дүйнөлүк аренага чыгуу, таланттуу жаштарды колдоп, алардын билимин тереңдетүү эң маанилүү маселелердин бири экендиги талашсыз. 

Шаарыбызда өтүп жаткан коомдук, саясий, тарыхый, маданий иш чаралардын бардыгына жаштарыбыз активдүү катышып жатышы бизди кубандырат. 

Урматтуу жаштар, ордолуу Ош шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Шаарыбыздын чыныгы патриоту катары силер улуулардын жолун улап, XXI кылымдын тизгинин кармап, заман менен бирге кадам таштап, алдыңкы сапта болгула.

Жаман жүрүм-турумдардан алыс болуп, ата-бабаларыбыздын сөзү менен айтканда, «Улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган» адептүү жаштардан болгула.

Мамлекетибиздин келечеги кең болсун!

Жаштарыбыздын биримдиги жана достугу түбөлүктүү болсун!


Салман Назылбеков,

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)