Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ордолуу Ош шаарында Ак калпак күнү белгиленди.

Ордолуу Ош шаарында Ак калпак күнү белгиленди.

04 март 2022, Пятница
812
0

Ордолуу Ош шаарында  Ак калпак күнү белгиленди.

Бүгүн, 5-мартта Ордолуу Ош шаарында Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата жөө жүрүш парадынын жана ак калпактын инсталяциясынын ачылуу аземи болуп өттү. Аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары  Ш. Нуранов катышып,  Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Сатыгуловичтин жана депутаттардын атынан иш чаранын катышуучуларын куттуктады. Шайырбек Шермаматович, Ак калпак кыргыз элинин атадан балага өтүп келе жаткан улуу мурасы катары улуттук кийимдердин ичиндеги өзгөчө орду бар баш кийим болуп эсептелээрин, элибиздин кылымдар бою келе жаткан каада-салтын, нарк-насилин анын ичинде улуттук кийимдерибизди өзгөртүүсүз бизден кийинки муундарга да татыктуу калтырып, Кыргыз элибиздин, кыргыз жерибиздин, жалпы эле Кыргызстаныбыздын эч нерсеге алмаштыргыс өзүнүн улуулугун, көз карандысыздыгын бекем кармоо үчүн, улуттук баалуулуктарды сыйлап урматтоого  чакырды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)